ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ДЕМ БЕРГЕН КИТЕП ДҮКӨН

  • 15.02.2019
  • 0

Ош шаарында 14-февраль – Эл аралык китеп белекке берүү күнүндө 30 жашка чейинки жаш мугалимдердин ортосунда «Беш сандык» интеллектуалдык оюну өттү. Бул тууралуу Ош шаарындагы №27 Партсъезд атындагы орто мектептин кыргыз тили мугалими Таир кызы Нургүл кабарлады.

ОШ ШААРЫНДАГЫ ЖАШ МУГАЛИМДЕРГЕ ДЕМ БЕРГЕН КИТЕП ДҮКӨН

Иш-чарада мугалимдер билим жарышын гана өткөрбөстөн “Китеп kg” дүкөнүнөн китеп белекке алышып, сый чайдын үстүндө билим берүү методдору тууралуу баарлашышты.

  • Бул мугалимге назар салган алгачкы саамалык, алгачкы китепкана болду. Көр пенде, нур пенде болбостон, жан дүйнөгө азык алып, рух пенде бойдон калалы демекчимин. Бардык мугалимдерди жана окуучуларды, ал тургай ата-энелерди «Китеп kg» дүкөнүнө келип, китеп сатып алып же ижарага алып окуугула деп чакырар элем. Бул жактан керек болсо тамактанып алса дагы болот. Бул Ош шаарында ушундай шарттары менен түзүлгөн алгачкы китеп дүкөнү болду, — дейт Нургүл.
Бөлүшүү

Комментарийлер