Ош шаарындагы бардык мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулатышат

  • 16.01.2025
  • 0

Окутуу мугалимдердин жана билим берүү мекемелеринин жетекчилеринин кесиптик чеберчилигин жогорулатуу максатында Ош мамлекеттик университети менен шаардык билим берүү башкармалыгынын келишиминин негизинде ишке ашырылууда.

Ош шаарындагы бардык мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулатышат

Буга байланыштуу ОшМУда мэр Бакытбек Жетигенов, окуу жайдын биринчи проректору Руслан Арапбаев, шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Салтанат Аманова, мектеп директорлорунун катышуусунда жыйын өттү.

Ош шаарындагы бардык мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулатышат

Жыйында окуучулардын билим деңгээлин жогорулатуу маселеси талкууланып, билим берүүнүн сапатын арттырууда мектеп директорлорунун орду, 2022-2023-жылдарга карата жалпы республикалык тестирлөөсүнө жүргүзүлгөн талдоо боюнча маалыматтар берилди.

Ош шаарындагы бардык мугалимдер кесиптик чеберчилигин жогорулатышат

Белгилей кетсек, курска жалпысынан Ош шаарындагы башкармалыкка караштуу 70 билим берүү мекемелеринин директорлору жана мугалимдери катышмакчы. Жалпысынан 840 адис кесиптик чеберчиликти жогорулатуу курсунан өтүшөт.

Бөлүшүү

Комментарийлер