ОШ ШААРЫНДАГЫ №8 МЕКТЕПТЕ ОКУУЧУЛАР АТЫРГА УУЛАНГАН ЭМЕС

  • 18.04.2023
  • 0

Билим берүү жана илим министрлиги социалдык тармактарда Ош шаарындагы №8 Горький атындагы мектеп гимназиясынын 6-классынын үч окуучусу атырга ууланып, ооруканага түштү деген маалыматтар боюнча Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын берген маалыматына таянып, төмөндөгүлөрдү билдирет.

ОШ ШААРЫНДАГЫ №8 МЕКТЕПТЕ ОКУУЧУЛАР АТЫРГА УУЛАНГАН ЭМЕС

2023-жылдын 15-апрелинде аталган мектепте танапис учурунда 6 “З” классынын 3 окуучусу атыр себинген. Мындан улам класстагы 38 окуучунун үчөө жагымсыз жыттан жана орозо кармагандыктан башы айланып, бул тууралуу мугалимге билдиришкен.

Мектеп директору буга чейинки окуучулар арасында атырга ууланган окуялардан улам чочулап, окуучуларды ооруканага өзү алып барган. Текшерүүлөрдүн жыйынтыгында эки окуучу кыздын ден соолугу туруктуу болгондуктан, үйлөрүнө ата-энелерине тапшырылган. Ал эми бир окуучу кыз ата-энесинин өтүнүчү менен бир күнгө ооруканада калтырылып, эртеси үйүнө чыгарылган.

Окуучулардын абалы жакшы болгондуктан ата-энелер тарабынан мектепке даттануулар түшкөн эмес.

Бөлүшүү

Комментарийлер