ОШ ШААРЫ: 12 ЖЫЛДЫК БИЛИМ БЕРҮҮГӨ ДАЯРДЫК КҮЧ
- 20.06.2025
- 0
12 жылдык билим берүү концепциясынын алкагында бир катар жолугушуу, семинар, тренингдер өткөрүлүп, мектептердин даярдыгы боюнча талкуулар уюштурулган. Алдыда мугалимдер квалификациясын жогорулатуучу окуулардан өтмөкчү. Бул тууралуу Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Тынчтыкбек Досмуратов педагогикалык форумда билдирди.
ТЫНЧТЫКБЕК ДОСМУРАТОВ бул жолку иш-чаранын өзгөчөлүгү — теория менен практиканын айкалышы, барлашууга басым жасалгандыгында болгондугун баса белгилеп, Кыргыз билим берүү академиясы, Республикалык педагогикалык квалификацияны жогорулатуу институту жана Билим сапатын өнүктүрүү департаменти методикалык жактан зор колдоо көрсөтүп, жаңы материалдарды кантип натыйжалуу, колдонуу керектиги боюнча таамай ыкмаларды сунушталганын билдирди.
— «Жаңылыктын жарчысы» деп аталган бул форум — биздин билим берүү системабыздын чоң реформанын алдында тургандыгын дагы бир ирет көрсөтүүдө. Форумдун алкагында биз, шаардык жана облустук деңгээлдеги билим берүү жетекчилери, 12 жылдык билим берүүгө өтүү боюнча комплекстүү даярдык иштерине терең талдоо жүргүздүк. Айрыкча, жаңы мамлекеттик билим берүү стандарты, предметтик стандарттар, базистик окуу планы жана жаңыланган окуу китептери боюнча мазмундуу түшүндүрмөлөр берилди. Форумдун жүрүшүндө эң маанилүү чечимдердин бири — ар бир аймакта «жергиликтүү тренерлерди» аныктап, алар аркылуу мугалимдерге жеринен колдоо көрсөтүү болуп жатат. Бул – билим берүү реформасын ар бир мектепке, ар бир мугалимге чейин жеткирүүнүн ишенимдүү жолу, — деди башкармалыктын башчысы.
Ошондой эле бул форумдан алган бардык билимди жана материалдарды Ош шаарына системалуу түрдө жайылтууну көздөй турганын, бул үчүн ар бир мектептин администрациясы, мугалимдер жамааты менен атайын жолугушууларды өткөрүп, 12 жылдык билим берүүнүн маңызын жана аны ишке ашыруунун жолдорун этап-этабы менен түшүндүрөрүн кошумчалады.
— Президенттин мугалимдерге жана методисттерге болгон колдоосу – бул өзгөчө дем. Форум учурунда эмгек акынын жогорулашы жана облустук бөлүмдөргө кызматтык унаалардын бөлүнүшү тууралуу жаңылык жамаатта чоң кубаныч менен кабыл алынды. Бул — мамлекетибиз мугалимдерди чыныгы реформанын негизги кыймылдаткыч күчү катары көрүп жаткандыгынын айкын далили, — деди.
Эскерте кетсек, Ош шаарында жалпы 122 мектеп, беш миңден ашуун мугалим бар.
Айгерим ТОКТОБАЕВА, “Кут Билим
Комментарийлер