ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

  • 30.04.2025
  • 0

ОШ ШААРДЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАШКАРМАЛЫГЫНА ЖАҢЫ ЖЕТЕКЧИ КЕЛДИ

Ош шаардык билим берүү башкармалыгына Ош билим берүү институтунун Табигый-математикалык сабактарды окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы Досмуратов Тынчтыкбек  дайындалды.

Досмуратов Тынчтыкбек Бекташович 1986-жылы 28-февралда Ош облусунун Ноокат районундагы Шаңкол айылында туулган. 1992-2003-жылдары айылындагы «Шаңкол» орто мектебинде билим-таалим алып, артыкчылык менен аяктаган. 1998-99-жылдары (7-классты) Ош шаарындагы кыргыз-түрк «Сема» лицейинде бир жыл окуп кеткен.

Ал 2003-жылы Ош мамлекеттик университетинин физика, математика жана информациялык технологиялар факультетине тапшырып,  «Математик, система боюнча программист» адистигине ээ болгон. 2006-2012-жж. кыргыз-түрк  «Манас» университетинин Гуманитардык факультетин окуп бүтүрүп,  «Түркология» адистигине ээ болгон. 2012-2013-жж. Кытай Эл Республикасынын Ички Монголия автономия районунун борбору – Хух-Хото шаарында, Ички Монгол университетинде кытай тили курсунда бир жыл окуп келген.

Тынчтык Досмуратов 2020-2022-жж. Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу жана тарых факультетинде «Социалдык-экономикалык билим берүү» (тарых) багыты боюнча магистратурада окуп, артыкчылык менен аяктаган. Ал кыргыз,  түрк, өзбек, казак, уйгур (араб графикасында) өңдүү түрк тилдеринде жогорку деңгээлде сүйлөйт жана жазуу иштерин аткара билет. Ошодой эле орус жана англис тилдеринде сүйлөйт жана жазат. Ал эми кытай тилинде жөнөкөй баарлашуу деңгээлинде сүйлөйт

Жаңы жетекчинин ишмердүүлүгүнө көз чаптырып көрөлү.

Досмуратов Тынчтыкбек 2011-ж. Бишкек шаарындагы «Альфа Телеком» ЖАКнын кардарларды тейлөө борборунда оператор болуп иштесе, 2011-2012-жж. НТС телерадио компаниясында архивариус болуп эмгектенген. 2013-ж. Ош облусунун Ноокат районуна караштуу «Шаңкол» орто мектебинде тарых мугалими, 2014-2018-жж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгында усулчу, 2018-2020-жж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Окуу-усулдук кабинетинин башчысы,  2020-2021-жж. Ош билим берүү институтунун Информатика кабинетинин башчысы, 2021-2022-жж. Ош билим берүү институтунун Инновациялык процесстерди уюштуруу жана башкаруу боюнча директордун орун басары, 2022-2023-жж. Ош билим берүү институтунун Математика кабинетинин башчысы, 2023-жылдан бери Ош билим берүү институтунун Информатика кабинетинин башчысы, 2025-жылдан бери Ош билим берүү институтунун Табигый-математикалык сабактарды окутуунун методикасы кафедрасынын башчысы болуп эмгектенип келди.

Ал долбоорлор менен дагы активдүү иштеп келатат. Алсак, 2011ж. Эл аралык «Сорос» фондунун колдоосундагы Кыргыз уикипедиячыларынын ыктыярчылар тобунда,  2012-2013-жж. Кытайдагы Шинжаң «Манас» изилдөө борборунда ыктыярчы болуп иштеген (Кытай, Хух-Хото шаары), 2014-2016-жж. «Көп тилдүү билим берүү» долбоорунун бир топ окууларына катышкан жана мектептерди координациялаган (Ош шаары), 2015-2016-жж. «Бирге окуйбуз» долбоорун бир топ окууларына катышкан (Ош шаары). Ал эми 2016-2017-жж. «Сорос» Фонду менен Билим берүү демилгелерин колдоо Фонду тарабынан ишке ашып келе жаткан «Билим берүү аркылуу интеграция» долбоорунда тренер катары иштесе  (Ош шаары), 2014-2020-жж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын Окуу-усулдук каанасы тарабынан түзүлгөн «Жаш мугалим» өндүү бир топ долбоорлорду ишке ашырган (Ош шаары). 2018-2024-жж. «ММК Колдоо Борбору» Фонду тарабынан медиа-маалыматтык сабаттуулукту арттырууга багытталган «МедиаСабак» долбоорунда (кийин фонд болгон) Түштүк региону боюнча координатор жана бир топ окууларынын тренери катары иштеп келди (Кыргызстан).

2021-2022-жж. ЮСАИДдин «Окуу керемет» долбоорунда тренер (Ош облусу), 2022-жылдан бери «Келечек үчүн билим берүү» долбоорун PISA – 2025 изилдөөсүнө даярдыктар (анын ичинде санариптик сабаттуулук, STEM) боюнча бир топ окууларга катышкан жана тренер катары иштеп келет (Ош облусу).

Курс жана семинар-тренингдерге катышуусу:

2018-2024-жж. «Медиа Сабак» Фонду жана башка тараптар уюштурган медиа-маалыматтык сабаттуулук боюнча эларалык конференция, форум, курс, семинар-тренинг жана башка ушул сыяктуу иш-чараларга катышкан, сертификаты бар (Кыргызстан, Казакстан, Германия, Финляндия).

2020-ж. EDULEAD тарабынан уюштурулган «Билим берүүнү башкаруу» боюнча семинар-тренингге катышкан, сертификаты бар (Ош шаары).

2021-2022-жж. STEM багыты боюнча бир топ семинар-тренингге катышкан, сертификаттары бар (Бишкек шаары).

2021-2024-жж. Ош билим берүү институту тарабынан «Тарых, адам жана коомду окутуунун теориясы жана методикасы» программасы, ошондой эле «Математиканы окутуунун теориясы жана методикасы» боюнча 72 сааттык курстарга катышкан, сертификаттары бар (Ош шаары).

2022-ж. PISA – 2025 изилдөөсүнө даярдыктар (анын ичинде математикалык сабаттуулук, табигый-илимий сабаттуулук, окурмандык сабаттуулук, санариптик сабаттуулук, функционалдык сабаттуулук) боюнча окууга катышкан (Ысык-Көл).

2022-ж. «Диндердин өнүгүү тарыхы» программасы боюнча 72 сааттык курста окуган (Ош шаары).

2023-2024-жж. Санариптик сабаттуулук боюнча бир топ окуучуларга катышкан, сертификаттары бар (Ош шаары).

Сыйлыктары:  20102024-жж. Көптөгөн иш-чараларга активдүү катышкандыгы, ошондой эле мыкты уюштуруучулугу жана мыкты баяндамалары үчүн бир топ ыраазылык баракчаларды алган.

2015-2018-жж. Ош шаардык билим берүү башкармалыгы тарабынан  билим берүүгө кошкон  салымы үчүн Ардак грамота менен эки жолу сыйланган (Ош шаары).

2016-ж. Ош шаардык Кеңеши тарабынан  келечек муундарга сапаттуу билим, татыктуу тарбия берүүгө, жаштардын искусствого, маданиятка болгон сезимдерин өрчүтүүгө кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен эки жолу сыйланган (Ош шаары).

2016-ж. Ош билим берүү институту тарабынан  билим берүү тармагын электрондоштурууга кошкон салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган (Ош шаары).

2017-ж.  КТРК тарабынан “Манас таануу” интеллектуалдык телетаймашын уюштурууга жана окуучуларга “Манас” эпосун  окуучуларга үйрөтүүгө, жайылтууга кошкон зор салымы Ардак грамота менен сыйланган (Бишкек шаары).

2017-ж.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган (Бишкек шаары).

2018-ж.  Кыргыз Республикасынын Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн «Кыргыз тили» төш белгиси менен сыйланган (Бишкек шаары).

2018-ж.  Ош шаарынын мэриясы тарабынан Кыргыз Республикасынын мамлекеттик тилин өнүктүрүүгө кошкон зор салымы үчүн Ардак грамота менен сыйланган (Ош шаары).

2019-ж.  Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигин Ардак грамотасы менен сыйланган (Бишкек шаары).

2023-ж.  «Манас» эпосун жаштар арасныдагы жайылтууга кошкон салымы үчүн Нарын шаардык мэриясынын жана Нарын шаардык Кеңешинин Ардак грамота менен сыйланган (Нарын шаары).

2023-ж.  Президенттин Ош облусу боюнча өкүлчүлүгүнүн Ардак грамотасы менен сыйланган (Ош шаары).

Эмгектери:

2012-ж. «Ооганстандагы кыргыздар» аттуу макаласы бир нече басылмаларда жарыяланса, 2013-ж. «Кытай кызыктарына кылчайганда» (Жуңго жөнүндө журтума жазгандарым) аттуу эскермеси бир нече басылмаларда жарыяланган. 2014-2024-жж. Ош шаарында жана Ош облусунда жайгашкан билим берүү мекемелериндеги аткарылып жаткан иштер боюнча ЖМКга жарыяланган бир нече материалдардын автору.

2017-ж. Окутуу кыргыз, орус, өзбек тилинде жүргүзүлгөн мектептердин кыргыз тили жана адабияты мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (бирдиктүү календардык пландын),  2017-ж. Музыка мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (бирдиктүү календардык пландын), 2018-ж. Адеп мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (бирдиктүү календардык пландын), 2018-ж. Тарых мугалимдери үчүн усулдук колдонмонун (5-11-класстар/бирдиктүү календардык пландын) түзүүчүсү.

2020-ж. «ММК колдоо борбору» Фондунун уюштуруусу, «Сорос» Фондунун каржылоосу менен иштелип чыккан 24 видеосабакта усулчу.

2021-ж. «Кытайлык кыргыздардын жазуусунун тарыхы» аттуу макаласы Ош мамлекекеттик университети тарабынан уюштурулган илимий конференциянын пленардык жыйынында окулуп, басмага берилген.

2021-жылдан бери Медиа жана маалыматтык сабаттуулук, санариптик сабаттуулук, жана жасалма интеллект боюнча бир топ курстардын, ошондой эле электрондук материалдардын (презентация, видео, текст ж.б.) автору.

Т.Досмуратов коом менен  баарлашууга ийкемдүү, жеке жана жамаат менен чогуу иштей билген, жумушка чыдамкай жана креативдүү, сынчыл көз карашта жана зирек адис. Ал эл аралык “Айтматов” клубунун мүчөсү.
Үйлөнгөн, бир кыз, бир уулдун атасы

Тынчтыкбек Бекташович, иш ордуңуз кут болсун!

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер