ОШ: САВАЙ-АРЫК АЙЫЛЫНЫН БАЛДАРЫ ЖАҢЫ БАЛА БАКЧАГА БАРАТ
- 06.08.2026
- 0
Турак жай-жарандык курулуш департаменти тарабынан Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Савай-Арык айылында 100 орундуу жаңы бала бакча курулду. Долбоор республикалык бюджеттин эсебинен каржыланып, жалпы наркы 60 миллион сомду түздү. Курулуш иштери 2025-жылдын март айында башталган.
Учурда бала бакчада эмеректерди жайгаштыруу жана бөлмөлөрдү акыркы жолу тазалоо иштери жүргүзүлүүдө.
Жаңы бала бакча заманбап талаптарга ылайык курулган. Бул жерде балдарды тарбиялоо жана өнүктүрүү үчүн зарыл шарттар түзүлгөн. Имаратта уктоочу бөлмөлөр, сабак өтүүчү жайлар, азык-түлүк сактоочу кампасы бар ашкана, ошондой эле кабыл алуу бөлмөсү каралган. Бала бакчанын жалпы аянты 988 чарчы метрди түзөт.
Мындан сырткары, айланадагы аймак көрктөндүрүлүп, оюн аянтчасы жабдылып жана отургучтар орнотулду.
Бала бакчаны жаңы окуу жылынын башталышы менен эксплуатациялоо пландалууда.
А.К., «КБ»





Комментарийлер