Ош — Сары-Таш — Эркечтам унаа жолундагы жол кырсыктан үч студент кыз каза болду
- 22.09.2023
- 0
Үстүбүздөгү жылдын 20-сентябрда Ош — Сары-Таш — Эркечтам эл аралык автоунаа жолундагы Каратай айылындагы жол кырсыгында үч студент кыз каза тапты. Бул тууралуу Ош облустук жол кайгуул кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, Honda Fit үлгүсүндөгү автоунааны башкарып келе жаткан айдоочу кыз каршы тилкеге чыгып, оор жүк ташуучу автоунаа менен кагышкан. Жеңил автоунаадагы алты адамдын үчөө көз жумган, калган үч киши ооруканага түшкөн. Жараат алгандардын абалы тууралуу маалымат бериле элек.
Жол кырсыгына кабылган студенттер Ош мамлекеттик университетинде окуганы айтылууда. Алар Чыйырчык жайлоосунан келе жаткан.
Бөлүшүү
Комментарийлер