ОШ: ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫЛАНГАН ЧЕК АРА КОМПЛЕКСИН АЧТЫ

  • 12.10.2026

Бүгүн Кыргыз Республикасынын Президенти, Куралдуу Күчтөрдүн Башкы колбашчысы Садыр Жапаров Ош шаарындагы 2024 аскер бөлүгүнүн аймагында Мамлекеттик чек ара кызматынын Ош облусу боюнча башкармалыгынын жаңыланган комплексинин салтанаттуу ачылышына катышты. ОШ: ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫЛАНГАН ЧЕК АРА КОМПЛЕКСИН АЧТЫ

Чек ара инфраструктурасын модернизациялоо алкагында аскер шаарчасында масштабдуу оңдоп-түзөө жана курулуш иштери жүргүзүлдү. Натыйжада штаб, казарма, ашкана, медпункт, спорт зал, клуб, кампалар жана автопарк толугу менен капиталдык оңдоодон өттү. ОШ: ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫЛАНГАН ЧЕК АРА КОМПЛЕКСИН АЧТЫ

Ошондой эле аскер кызматчыларынын тиричилик жана машыгуу шарттарын жакшыртуу максатында төмөнкү объекттер жаңыдан курулду:

  • Көп кабаттуу жатакана

  • Мончо-кир жуучу комплекс

  • Кичи футбол аянтчасы жана теннис корту

  • Атайын машыгуу аянтчалары ОШ: ПРЕЗИДЕНТ ЖАҢЫЛАНГАН ЧЕК АРА КОМПЛЕКСИН АЧТЫ

Мындан сырткары, аскер бөлүктүн аймагы көрктөндүрүлүп, ички жолдору, тосмолору жана жарыктандыруу системалары толугу менен жаңыртылды. Бардык курулуш жана реконструкция иштери республикалык бюджеттин эсебинен каржыланды.

Мамлекеттик чек ара кызматынын маалыматына караганда, акыркы беш жылда өлкөнүн чек ара коопсуздугун чыңдоо, аскердик техника менен курал-жаракты жаңыртуу жана заманбап заставаларды куруу багытында масштабдуу аракеттер ырааттуу түрдө ишке ашырылууда.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү