ОШ: PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮНҮН ЭКИНЧИ КҮНҮ
- 02.04.2025
- 0
Ош облусундагы окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA — 2025) негизги изилдөөсүнүн экинчи күнү өтүүдө.
Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаеванын берген маалыматы боюнча, графикке ылайык, Алай районундагы № 3 Токтогул орто мектеби (39 окуучу); Араван районундагы № 1 Сайлыкан Маткасымова орто мектеби (39 окуучу); Кара-Суу районундагы № 124 орто мектеби (16 окуучу); Кара-Кулжа районундагы Бакалбай Эркинбаев орто мектеби (20 окуучу); Ноокат районундагы Насирдин Исанов орто мектеби (28 окуучу) катышууда.
— Жалпысынан бүгүн облус боюнча 142 окуучу аталган изилдөөгө катышты. Ал эми калган мектептерде изилдөө иши Билим берүү жана илим министрилигин бекиткен графигикке ылайык 12-апрелге чейин уланат. “Билим жана илим” (ЭлТР) телеканалы Кара-Суу районундагы № 124 мектептеги PISA изилдөөнүн жүрүшүн, ошондой эле аталган изилдөөгө катышууга даярдык көрүп жаткан Ош облустук Уркуя Салиева атындагы зээндүү балдардын жатак лицейинин ишин чагылдырууда, — дейт жетекчи.
Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”
Комментарийлер