ОШ ОБЛУСУНУН МЫКТЫ БҮТҮРҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ
- 23.07.2026
- 0
Ош облусунда 2025–2026-окуу жылы бир топ алгылыктуу жетишкендиктер менен жыйынтыкталды. Жалпы республикалык тестирлөөгө облустан 9038 окуучу катталса, анын 8959у катышып, 5749 окуучу босого баллдан өттү. Ал эми 204 окуучу 200 баллдан жогору жыйынтык көрсөтүп, эң жогорку көрсөткүчкө жетишкен Кара-Суу районунун 3 окуучусу “Кыргыз Республикасынын Президентинин сыймыгы” сертификатына ээ болушту.
Бүгүн, 23-июль күнү Президенттин Ош Облусундагы Өкүлчүлүгү билдиргендей, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Аманкан Кенжебаев мыкты жыйынтык көрсөткөн окуучуларды жана аларды даярдаган мугалимдерди кабыл алып, ыраазычылык кат жана баалуу белектерди тапшырды.
Сыйлангандардын катарында ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясынын директору Тайтокур уулу Абдилабал жана «СТАР» билим берүү комплексинин директору Алмазбек Сайназарович Жаркынбаев сыяктуу мектеп жетекчилери бар. Ошондой эле ЖРТда эң жогорку упайларды топтогон бүтүрүүчүлөр сыйлыкка татышты: ОшМУнун «Кара-Суу» гимназиясынан 234 балл топтогон Гүлпери Адилбековна Жуматаева планшет менен, ал эми «СТАР» билим берүү комплексинен 229 балл алган Сайкал Алмазбековна Сайназарова жана 228 балл алган Аяна Миназбековна Ашимжанова смартфондор менен сыйланышты.
Жолугушууда Аманкан Кенжебаев жаштарга акыл-насаатын айтып, билимге умтулуу, эмгекчилдик жана мекенчилдик тууралуу баяндап, алдыдагы окууларына жана жашоо жолундагы кадамдарына ийгилик каалады. Ошондой эле жаштардын жетишкендиги мугалимдердин эмгегинин жана билим берүүнүн сапатынын башкы көрсөткүчү экенин белгилеп, келечекте дагы чоң жеңиштерди багындырууга тилектештигин билдирди.
А.К., «КБ»
Комментарийлер