ОШ ОБЛУСУНУН ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫ ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ

  • 04.04.2023
  • 0

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы 2023-жылдын 25-26-мартында Баткенде өткөн “Заманбап” фестивалына Ош облусунун атынан катышкан таланттуу окуучуларды, алардын мугалимдерин баалуу белектер менен сыйлады.

ОШ ОБЛУСУНУН ИЧКИ ИШТЕР БАШКАРМАЛЫГЫ ТАЛАНТТУУ ОКУУЧУЛАРДЫ СЫЙЛАДЫ

Фестиваль өспүрүмдөрдү коомдук иш-чараларга активдүү катышууга тартуу максатында өткөрүлдү.

Ош облусунун ички иштер башкармалыгы башчысы, милициянын полковниги Жеңишбек Жоробеков фестивалда өз өнөрлөрүн тартуулоо менен көрүүчүлөрдүн купулуна толуп, алкышка арзыган окуучуларды жетишкендиктери менен куттуктады.

“Беш манжа бөлөк, билек бир, баарыбыз башка тилек бир” дегендей педагогдор, укук коргоо органдары жана коомчулук жаштарга татыктуу билим, тарбия, туура багыт берүү аркылуу мекенчил жаштарды тарбиялоо жалпыбыздын милдетибиз”, — деди Жеңишбек Жоробеков.

Бөлүшүү

Комментарийлер