ОШ ОБЛУСУНУН АГАРТУУЧУЛАРЫНА СЕКЦИЯЛЫК ИШТЕР ӨТКӨРҮЛДҮ

  • 12.01.2021
  • 0

2020-2021-окуу жылынын экинчи жарым жылдыгын баштоо алдында Ош облусунун аймагындагы билим берүү мекемелеринин кызматкерлери үчүн 4-январдан баштап секциялык иштер атайын түзүлгөн графиктин негизинде Ноокат, Араван райондорунда аралыктан жана Алай, Чоң-Алай, Кара-Суу, Кара-Кулжа, Өзгөн райондорунда реалдуу формада өткөрүлдү. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунан билдиришти.

Секциялык иштерде ар бир предмет мугалимдери өз өзүнчө группалык негизде предметти окутуудагы маселелер, жалпы мектептик билим берүүнүн мамлекеттик стандартынын ишке ашырылышы жана максатка жетүүдөгү жаңы окутуунун усулдарын колдоно билүү багытында талкуу уюштурулду. Ош билим берүү институтунун кабинет башчылары өз претметтеринен усулдук сунуштарды даярдоо менен мугалимдерге жеткирилди. Уюштуруучулардын айтымында секциялык иштер мугалимдердин тажырыйба алмашуусуна, ой бөлүшүп окутуудагы көйгөйлүү маселелерди чечүүгө чоң өбөлгө түзүлүүдө.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер