ОШ ОБЛУСУНДАГЫ БАЛА БАКЧА КЫЗМАТКЕРЛЕРИ ҮЧҮН СЕМИНАР

  • 11.11.2021
  • 0

Ош облусунун Араван районунда жайгашкан «Гүлбаар» бала бакчасында «Мектепке чейинки билим берүү уюмдарында балдардын коопсуздугун камсыз кылуу» аттуу облустук семинар уюштурулду. Бул тууралуу Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык, бул иш-чарага Ош билим берүү институтунун жылдык планына ылайык уюштурулуп, ага облустун бардык райондорунан мектепке чейинки билим берүү кызматкерлери катышты. Семинардын алкагында катышуучулар жогорку тайпадагы балдарды тарбиялаган Минавар Кенжегулованын “Сак бол, сактан!” жана орто тайпадагы балдарды тарбиялаган Бермет Курбанбаеванын “Жаш куткаруучулар” темасындагы сабактарына күбө болушуп, өз пикир-сунуштарын билдиришкен. Андан тышкары өзгөчө кырдаалдар боюнча да атайын иш-чара уюштурулган.

Облустук семинардын соңунда аталган бала бакчанын жетекчилиги, ошондой эле Араван райондук билим берүү бөлүмүнүн тийиштүү адистери Ош билим берүү институтунун Ардак грамоталары менен сыйланып, иш-чаранын жогорку деңгээлде уюштурулгандыгы белгиленген.

Эске сала кетсек, 90 балага ылайыкташтырылган «Гүлбаар» мектепке чейинки билим берүү уюму 2015-жылдан бери иштеп баштаган. Бакчада жалпы алты билим берүү кызматкери эмгектенсе, анын бешөө жогорку, бирөө атайын орто билимдүү.

Бөлүшүү

Комментарийлер