ОШ ОБЛУСУНДА PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ӨЗГӨНДӨ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

  • 11.04.2025
  • 0

Бүгүн, 11-апрель күнү Ош облусундагы окуучулардын билим жетишкендиктерин эл аралык баалоо программасынын (PISA — 2025) негизги изилдөөсү Өзгөн районундагы № 54 Турдумамат Сарыков атындагы орто мектебинде өтүп, ага жалпы 35 окуучу катышууда.

ОШ ОБЛУСУНДА PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ӨЗГӨНДӨ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

ОШ ОБЛУСУНДА PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ӨЗГӨНДӨ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

ОШ ОБЛУСУНДА PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ӨЗГӨНДӨ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

ОШ ОБЛУСУНДА PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ӨЗГӨНДӨ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

ОШ ОБЛУСУНДА PISA-2025 ИЗИЛДӨӨСҮ ӨЗГӨНДӨ ЖЫЙЫНТЫКТАЛУУДА

— Ош облусу боюнча буга чейин жалпы 32 мектепте изилдөө иши жүрдү. Ал эми эң соңкусу эртең Жолдошбек Примкулов атындагы орто мектепте жүргүзүлүп, Ош облусундагы изилдөө иши жыйынтыкталат. Тестирлөөгө облустагы 33 жалпы билим берүү уюмунан 1503 окуучу: кыргыз тилинде 1070, орус тилинде 195, өзбек тилинде 241 окуучу катышууда, — дейт Ош билим берүү институтунун директору Гүлмира Турдубаева.

Гүлнара АЛЫБАЕВА, “Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер