ОШ ОБЛУСУНДА ОКУУЧУЛАРДЫН ОЛИМПИАДАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

  • 28.02.2022
  • 0

25-26-февралда Оштогу №28 У. Салиева атындагы лицейдин базасында Республикалык олимпиаданын III (облустук) баскычы Ош билим берүү институтунун уюштуруусунда болуп өттү. Олимпиаданын бул баскычына Ош облусундагы мектептерден жалпы 268 окуучу, алардын эмгегин так жана калыс баалоо үчүн 178 кишиден турган комиссиянын курамы, тогуз кишиден турган уюштуруу тобу, ошондой эле Билимди баалоо жана окутуу усулдары борборунун (ЦООМОнун) өкүлдөрү катышты. 

Олимпиада эрте менен ачылыш аземи, тапшырмалардын кутучасын ачуу менен башталып, эртеси күнү 1-2-3-4-орундарды сыйлоо аземи менен өз учурунда аяктады. Олимпиаданын жыйынтыгын чыгаруу учурунда апелляциялык комиссия түзүлүп, окуучулардын эмгегин татыктуу баалоо камсыздалды.

Олимпиаданын бул баскычында 1-2-орунду алып, 2022-жылдын март айынын соңку күндөрү Бишкек шаарында өтүүчү IV (республикалык) баскычка Алай районунан — 5, Араван районунан — 2, Кара-Суу районунан — 8, Кара-Кулжа районунан — 5, Ноокат районунан — 8, Өзгөн районунан — 3, Чоң-Алай районунан — 4 жана У. Салиева лицейинен — 3 окуучу жолдомо алды.

Бөлүшүү

Комментарийлер