ОШТО «БИЛИМ ШАМЫ – МУГАЛИМ» АТТУУ КЕСИПТИК МАЙРАМ БЕЛГИЛЕНДИ
- 11.10.2024
- 0
10-октябрда Ош облусунун билим берүү кызматкерлеринин «Билим шамы – мугалим» аттуу мугалимдердин кесиптик майрамы белгиленди.
«Жылдын мыкты мугалими – 2024», «Жылдын мыкты тарбиячысы – 2024», «Жылдын мыкты мектеби – 2024» сынактарындагы байгелүү орундардын ээлерине Ардак грамоталар, акчалай сыйлыктар берилди.
Иш-чара Ош билим берүү институтунун демилгеси, Президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү жана Билим берүү кызматкерлеринин Ош облусу боюнча кесиптик кошуунунун колдоосу менен өттү.
Бөлүшүү
Комментарийлер