ОШ ОБЛУСУНДА 2021-ЖЫЛДЫН МЫКТЫ МУГАЛИМИ   АНЫКТАЛДЫ

  • 26.04.2021
  • 0

Ош билим берүү институтунда “Жылдын мыкты мугалими — 2021” сынагынын облустук-финалдык баскычы болуп өттү.

Ага обулус аймагындагы  мугалимдер арасынан суурулуп, облустук этапка жолдомо алгандар катышты. Сынактын жыйынтыгында баш байгени Кара-Суу районунун №79 Чолпон орто мектебинин кыргыз тили жана адабияты мугалими Феруза Мирзаева, I орунга Ноокат районунун Н.К.Крупская атындагы орто мектебинин англис тили мугалими Зарина Аскарова, II орунга Араван районунун “Кызыл-Талаа” негизги мектебинин математика мугалими Манас Жалилов татыктуу болсо, III орунга эки катышуучу, Алай районунун М.Адышев атындагы мектеп-гимназиясынын орус тили жана адабияты мугалими Жыпаргүл Жумабай кызы жана Кара-Кулжа районуна караштуу Б.Исаев атындагы орто мектебинин тарых мугалими Кулпунай Абдималик кызы татыды. Алдыга озуп чыккандарга Ош билим берүү институту тарабынан Ардак ррамоталар, дипломдор ыйгарылды.

Иш-чарага КР Өкмөтүнүн Ош облусунун ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн, билим  берүү кызматкерлеринин Ош облустук билим, илим   боюнча кесиптик бирлик комитетинин төрагасы жана ОшМУ, ОГПИ, ОшТУнун  ректору катышып, катышуучуларга диплом, акчалай сыйлык жана баалуу белектерди беришти.

Бөлүшүү

Комментарийлер