ОшМПУда “МЫКТЫ ОКУТУУЧУ — 2021” СЫНАГЫ ӨТҮП ЖАТАТ

  • 10.05.2021
  • 0

Ош МПУнун профессордук-окутуучулук курамынын арасында “Мыкты улук окутуучу”  жана “Мыкты окутуучу” аталышындагы конкурс жүрүп жатат.

Бул сынакка окуу жайдагы бардык доценттер, улук окутуучулар жана окутуучулар катышып, жобого ылайык учурда 2-турунда ат салышууда.

Ош мамлекеттик-педагогикалык университетинин билим берүү процессинин сапатын тереңдетүү, профессордук окутуучулук курамдын ишмердигинин эффективдүүлүгүн жогорулатуу жана педагогикалык ишмердүүлүгүн стимулдаштыруу максатында өткөрүлүп жаткан конкурс жакында мыкты окутуучуларды аныктайт.

Конкурстун жүрүшүндө  алгач окуу жайдын структуралык бөлүмдөрүндөгү факультеттердин, колледждердин усулдук комиссиялары тарабынан жүргүзүлүп, 2-этабы университет боюнча комиссия тарабынан өткөрүлүүдө.

Мында катышуучулардын 2019-2020-окуу жылындагы жана 2020-2021-окуу жылынын биринчи жарым жылындагы иштердин жыйынтыгы каралат.

Аталган сынак университеттин “Сапат” бөлүмү тарабынан уюштурулуп , жетекчиликтин колдоосу менен активдүү катышкан жана байгелүү орундарды багынткан катышуучуларга ноутбук, планшет, телефон ж.б.  баалуу белектер уюштурулган.

Бөлүшүү

Комментарийлер