ОШ МЭРИНИН ОШТУГА КҮТҮҮСҮЗ ВИЗИТИ
- 04.09.2025
- 0
Ош шаарынын мэри Жеңишбек Токторбаев Ош технологиялык университетине күтүүсүз барып, окуу жайдын ишмердүүлүгү жана студенттер үчүн түзүлгөн шарттар менен жеринен таанышты.
Шаар башчы Жеңишбек Токторбаев окуу жай менен таанышып, студенттердин сабакка катышуу көрсөткүчүнө, ички тазалыгына ыраазы болду. Университеттин жетекчилиги жана профессордук-окутуучулук курамы менен баарлашуу учурунда ОшТУнун өнүгүшүнө ар тараптуу колдоо көрсөтөрүн билдирди. Анын Кең-Сай аймагынан жаңы окуу корпусун куруу үчүн жер бөлүп берүү тууралуу убадасы баарын кубантты.
Жеңишбек Токторбаев студенттердин сабактарына да катышып, алардын ой-пикирлерин укту.
— Окуу жайда көп тилдүү, илимдүү окутуучулар, билимге умтулган студенттер арбын экени бир көргөндө эле байкалат. Жогорку квалификациялуу окутуучулардын илимий потенциалы күчтүү, студенттердин сабакка катышуу көрсөткүчү да жогору экен. Имараттарынын ирээттүүлүгү, тазалыгы көргөн көздү кубандырат — деп белгиледи.
Ош технологиялык университетинин ректору, профессор Жанболот Турсунбаев мэрге ыраазычылык билдирип, шаардык администрация менен мындан ары да тыгыз кызматташтыкта иш алып барарын билдирди.
ОшТУнун басма сөз кызматы





Комментарийлер