ОШ: МЕКТЕП ЖАМААТТАРЫ МЕНЕН АЧЫК ДИАЛОГ
- 20.08.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева жана Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев №3 М.В. Ломоносов атындагы жана №69 «Олимп» мектептеринин педагогикалык жамааттары менен жолугушту.

Маалыматка таянсак, жолугушууда мектептердеги учурдагы абал, педагогдордун пикирлери жана билим берүү процессине байланышкан маселелер талкууланды.
Догдуркүл Кендирбаева бардык чечимдер мыйзам талаптарына жана мамлекеттик билим берүү саясатына ылайык кабыл алынышы керектигин белгилеп, маселелерди өз ара сый-урмат жана конструктивдүү диалог аркылуу чечүүгө чакырды.


Ош шаарынын мэри Жанарбек Акаев билим берүү тармагына өзгөчө көңүл бурулуп жатканын белгилеп, мугалимдер жана мектеп жетекчилери менен ачык диалогду улантууга даяр экенин айтты. Мэр балдардын сапаттуу билим алуусу бардык маселелерден жогору турарын белгиледи. Ошондой эле №69 «Олимп» мектебинин имаратын социалдык багытта пайдалануу, анын базасында 500 орундуу бала бакча куруу жана профилдик билим берүүнү өнүктүрүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды.
Г.А., “КБ”
Комментарийлер