ОШ: «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ» — БИРИМДИКТИ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖАҢЫ КАДАМ

  • 13.08.2026
  • 0

Ош облусунда «Кыргыз жараны» улуттук биримдик концепциясынын жаңы долбоорун аймактык деңгээлде талкуулоого арналган маанилүү тегерек стол болуп өттү. Иш-чара Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн аппаратынын демилгеси менен уюштурулуп, ага КР Президентине караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиги тарабынан иштелип чыккан концепциянын долбоору сунушталды. Бул жыйын 2027–2031-жылдарга арналган беш жылдык стратегиялык документти жеринде кеңири талкуулоо, аймактын өзгөчөлүктөрүн эске алуу жана сунуштарды топтоо максатын көздөйт. Иш-чара өлкөбүздөгү диний жана этностук чөйрөлөрдөгү өз ара мамилелерди, коомдук биримдикти бекемдөөгө багытталган.ОШ: «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ» - БИРИМДИКТИ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖАҢЫ КАДАМТегерек столдун ишине Ош облусунун райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, облустук деңгээлдеги мекеме-уюмдардын жетекчилери, райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн башчылары жана социалдык коргоо мекемелеринин жетекчилери активдүү катышты. Талкуунун жүрүшүндө катышуучулар концепциянын негизги максаттарын, милдеттерин жана аны ишке ашыруунун аймактык механизмдерин терең талдап чыгышты.

Айрыкча билим берүү жана социалдык тармактарда «Кыргыз жараны» өздүгүн калыптандыруу, жаштар арасында толеранттуулукту жогорулатуу жана этностор аралык ынтымакты бекемдөө боюнча бир катар практикалык сунуштар берилди.ОШ: «КЫРГЫЗ ЖАРАНЫ» - БИРИМДИКТИ БЕКЕМДӨӨГӨ БАГЫТТАЛГАН ЖАҢЫ КАДАМКатышуучулар белгилегендей, мындай аймактык талкуулар улуттук концепциянын кагаз жүзүндө калбай, ар бир айылга, ар бир билим берүү мекемесине чейин натыйжалуу жетишине өбөлгө түзөт. КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматы маалымдагандай, өткөрүлгөн тегерек стол «Кыргыз жараны» концепциясын ишке ашырууда жергиликтүү бийлик менен коомчулуктун өз ара аракеттенүүсүн чыңдоого кошулган олуттуу салым болуп саналат.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер