Ош – Эркечтам трассасында жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду
- 04.09.2023
- 0
Ош – Эркечтам трассасында жол кырсыгы катталып, төрт адам каза болду. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, Оштон Алай районун көздөй багыт алган «Honda Accord» үлгүсүндөгү унаа менен оор жүк ташуучу машине кагышкан.
Оор жүк ташуучу унаадагы эки адам алган жараат алып ооруканага жеткирилген. Ал эми, жеңил машинедеги төрт жаран көз жумган. Ал ала маалыматтарга карганда алардын арасында өспүрүм кыз бар экени айтылууда.
Милициядан кийинчерээк толук маалымат берилерин билдиришти.
Бөлүшүү
Комментарийлер