Ош: эгемендүүлүк күнүнө карата ат чабыш өтүп, байгеге батир коюлат

  • 28.08.2023
  • 0

Ош облусунда 31-август эгемендүүлүк күнүнө карата көк бөрү жана улуттук спорттун түрлөрү боюнча президенттин кубогу өтөт. Бул тууралуу Ош облусундагы өкүлчүлүктүн басма сөз кызматынан билдирди.

Ош: эгемендүүлүк күнүнө карата ат чабыш өтүп, байгеге батир коюлат

Маалыматка ылайык, спорттук иш-чаралар 28-31-август күндөрү Ош облусунун «Төлөйкан» ат майданында жана А.Сүйүнбаев атындагы борбордук стадионунда болмокчу.

Ат майданда көк бөрү, ат чабыш, эр эңиш, ат оюндары жана салбуурун боюнча беттештер, ал эми борбордук стадиондо кыргыз күрөшү, “Алыш” бел боо күрөшү, классикалык кыргыз күрөшү, ордо, айкүр жана таяк тартыш боюнча беттештер өтөт. Байге фонду 9 млн сомду түзөт.

Мелдешке республиканын баардык аймактарынан, Ош, Бишкек шаарларынан жана Казакстан, Өзбекстан, Тажикистан жана Түркмөнстандан келген спортчулар катышат.

Бөлүшүү

Комментарийлер