ОШ БИЛИМ БЕРҮҮ ИНСТИТУТУНДА МАМЛЕКЕТТИК ТИЛДИН БИР АЙЫЛЫГЫ ӨТҮҮДӨ

  • 01.10.2021
  • 0

Ош билим берүү институтунда «Илим менен билимге көпүрө – тил, Көкөлөткөн адамды тили деп бил» аттуу мамлекеттик тилдин бир айлыгы өтүүдө. Өсүп келе жаткан жаш муунду мамлекеттик тил аркылуу адеп-ахлакка, билимге, атуулдукка тарбиялоо максатында өтүп жаткан бул айлык тууралуу Ош билим берүү институтунун директорунун орун басары Тынчтыкбек Досмуратов билдирди.

Маалыматка ылайык мамлекеттик тилдин бир айлыгы 2021-жылдын 16-октябрына чейин институтта, кесиптик чеберчилигин жогорулатуу курсуна келген мугалимдер арасында жана Ош облусундагы билим берүү мекемелеринде уюштурулууда.

Аталган бир айлыктын алкагында, учурда өтүп жаткан курс угуучулары менен биргеликте өткөн маданий иш-чара төмөнкүдөй программа менен коштолду:

  1. Кыргыз тили жана адабияты боюнча курс уугучулары – Саламдашуу;
  2. Орус тили жана адабияты менен англис тили боюнча курс угуучулары – Жаңылмач айтуу;
  3. Өзбек тили жана адабияты боюнча курс угуучулары – Көркөм окуу ( кыргыз тилинде);
  4. Кыргыз тилдүү башталгыч класстар боюнча курс угуучулары — Манас айтуу;
  5. Орус жана өзбек тилдүү башталгыч класстар боюнча курс угуучулары — Макал-ылакап айтуу;
  6. География боюнча курс угуучулар – Монолог;
  7. Көркөм өнөр жана технология боюнча курс угуучулары – Мамлекеттик тил боюнча сүрөт көргөзмөсү;
  8. Тарых боюнча курс угуучулары — Сахналык көрүнүш;
  9. Химия боюнча курс угуучулары — «Эне тилим» аттуу хор ырдоо;
  10. Мектепке чейинки билим берүү боюнча курс угуучулары — Кыргыз бийи;
  11. Мектептердин уюштуруучулары боюнча курс угуучулары – “Мамлекеттик тил бүгүнкү күндө” аттуу сахналык көрүнүш.

«Бир ай ичинде инститттун кызматкерлери үчүн атайын графиктин негизинде усулдук окуулар уюштурулат. Аны менен катар кийинки агым менен келүүчү курс угуучуларынын арасында билим берүү аркылуу мамлекеттик тилди жайылтуу жаатында тегерек столдор жана башка иш-чараларды уюштурууну пландап жатабыз», — дейт Т. Досмуратов.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер