ОШ АЙМАГЫНЫН ЖАШТАР ТОБУ ОШТУДА

  • 14.02.2023
  • 0

ОШ АЙМАГЫНЫН ЖАШТАР ТОБУ ОШТУДА

ОшТУнун жаштар иштери жана социалдык өнүктүрүү департаментинин уюштуруусу менен Ош аймактык жаштардын өз ара жардамдашуу тобунун өкүлдөрү ОшТУга келип, студенттер менен жолугушту.

ОШ АЙМАГЫНЫН ЖАШТАР ТОБУ ОШТУДА

Жолугушуунун негизги максаты жаштар арасындагы ар кандай терс көрүнүштөрдүн алдын алуу, бири-бирине жардамдашуу аркылуу коомдо өз ордун татыктуу табууга багыт берүү, адамдар арасындагы ынтымакты, достукту бекемдөө болуп саналат. Иш-чаранын жүрүшүндө студенттерге бул топтун негизги максаты, жасап жаткан иш-аракеттери тууралуу кеңири маалыматтар берилди. Бул топко мүчө болууну каалаган ар бир студент үчүн мүмкүнчүлүктөр түзүлгөн. Бул топко мүчө болуу менен ар бир катышуучу бири-бирине ар тараптуу, психологиялык-социалдык жардам көрсөтүү менен бири-бирин бардык кырдаалда колдой алышат. Жанындагы адамдардын колдоосу менен жакшы ийгиликтерге жетүү мүмкүнчүлүктөрүнө ээ болушат.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер