ОШ: 100 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР ЛОМОНОСОВ МЕКТЕБИ ЗАМАНБАП ИМАРАТКА ЭЭ БОЛОТ

  • 05.08.2026
  • 0

Ош шаарындагы 100 жылдык тарыхы бар М. Ломоносов атындагы мектептин ордуна 750 орундуу жаңы мектеп курулуп жатат.

ОШ: 100 ЖЫЛДЫК ТАРЫХЫ БАР ЛОМОНОСОВ МЕКТЕБИ ЗАМАНБАП ИМАРАТКА ЭЭ БОЛОТ

Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин маалыматына ылайык, курулуш иштери Президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен быйыл февраль айында башталган.

Учурда төрт кабаттуу имараттын негизги конструкциялары бүткөрүлүп, биринчи жана экинчи кабаттарда ички жасалгалоо иштери жүрүүдө.

Жаңы мектепте 37 окуу классы, лабораториялар, китепкана, ашкана, медициналык кабинет, жыйындар залы жана заманбап спорт залы болот.

Г.А., “КБ”

Бөлүшүү

Комментарийлер