ДИРЕКТОРЛОРДУ ТАНДООНУН 1-АЙЛАМПАСЫ: 1102 ТАЛАПКЕР КАДРДЫК РЕЗЕРВГЕ КИРДИ
- 05.08.2026
- 0
Кыргызстандагы мектептердин, бала бакчалардын жана кошумча билим берүү уюмдарынын жетекчилеринин кызмат орундарына талапкерлерди компьютердик тестирлөө катуу көзөмөл алдында өттү. Бул тууралуу Билим берүүнүн сапатын өнүктүрүү департаментинин бөлүм башчысы Рыскуль Маданбекова «Биринчи радионун» түз эфиринде билдирди. Маалыматка ылайык, сынакка катышууга жалпысынан 2147 талапкер арыз берген. Алардын ичинен конкурстун бардык талаптарына жооп берген 1730 талапкер тестирлөөгө катышуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болуп, анын 1416сы компьтердик тестирлөөдөн өттү. Натыйжада талапкерлердин 77,8 пайызы, же болбосо 1102си белгиленген 60 пайыздык босого баллдан жогору жыйынтык көрсөтүп, кадрлар резервине алынды.
Талапкерлердин билим алуу жана башкаруу жөндөмдөрүн калыс баалоо үчүн ар бир катышуучу компьютерден жалпы базадан автоматтык түрдө түзүлгөн суроолор топтомун алат, бул өз кезегинде катышуучуларга окшош суроолордун берилишин бөгөттөйт. Тестке мыйзамдар, ченемдик укуктук актылар, педагогика, психология, билим берүү уюмун башкаруу боюнча суроолор жана жетекчилердин иш убагында кезигүүчү ар кандай кырдаалдар киргизилген.
Жыйынтык тестирлөө аяктагандан кийин дароо автоматтык түрдө чыгат. Бул жерде адам фактору упайларды эсептөө процессине эч кандай таасир эте албайт. Тестирлөө учурунда аудиторияларда видеокөзөмөл жүргүзүлүп, материалдар электрондук системада сакталат.
25-31-июль күндөрү өткөн конкурстук сынактын биринчи этабында кем дегенде 60% упай топтогондор бош кызмат орундарына катышууга укук алышты. Сынактын жыйынтыгында 1,1 миңден ашык талапкер жетекчилердин кадрдык резервине кирди. Резервге алынгандыгын тастыктаган электрондук сертификат эки жыл бою күчүндө болот. Кийинки этап 10–14-августка пландаштырылган, анын жүрүшүндө талапкерлер билим берүү уюмдарынын конкреттүү жетекчилик орундары үчүн ат салышат. Азырынча вакансияны тандабаган же сынакта жеңүүчү болбогон талапкерлер кадрдык резервде кала беришет.
А.К., «КБ»
Комментарийлер