192 МИҢГЕ ЖАКЫН БАЛАГА «БАЛА ЫРЫСЫ» ЖӨЛӨК ПУЛУ ДАЙЫНДАЛДЫ

  • 05.08.2026
  • 0

Июль айынын жыйынтыгы менен «Бала ырысы» мамлекеттик жөлөк пулу өлкө боюнча 191 796 балага дайындалды. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги билдирди.

Министрликтин маалыматына караганда, 5-августта жөлөк пулдарды төлөп берүү үчүн 235,7 миллион сом каржыланды. Бөлүнгөн каражат алуучулардын эсептерине коммерциялык банктар аркылуу этап-этабы менен которула баштайт.

Эске салсак, 1-июлдан тартып Кыргызстанда төрөлгөндөн 3 жашка чейинки балдар үчүн ай сайын берилүүчү «Бала ырысы» жөлөк пулуна арыздарды кабыл алуу башталган.

А.К., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер