РОССИЯНЫН РЕГИОНАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕРИ КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫН ЧАКЫРУУДА

  • 12.04.2021
  • 0

12-апрелде Бишкекте “HAYYAT REGENCY” мейманканасында Россия Федерациясынын регионалдык жогорку окуу жайларынын экинчи эл аралык билим берүү көргөзмөсү болуп өттү.

Анда абитуриенттерге Мордова мамлекеттик университети, Чуваш мамлекеттик университети, Нижневартовск мамлекеттик университети, Удмурт мамлекеттик университети ж.б. жогорку окуу жайлары  тууралуу маалыматтар берилди.

РОССИЯНЫН РЕГИОНАЛДЫК УНИВЕРСИТЕТТЕРИ КЫРГЫЗ ЖАШТАРЫН ЧАКЫРУУДА

Аталган окуу жайларда абитуриенттер үчүн бюджеттик жана контракттык негизде окууга орундар каралган.

“Россияда журналистика тармагы боюнча билим алгым келет. Анткени ал жактагы жогорку окуу жайлары мыкты билим бергендиктен, сапаттуу адис болуу  максатым”,-деди бүтүрүүчү Жаңылмырза Чаргынова.

Ал эми Марс Уран уулунун жогорку окуу жайлардын өзгөчөлүктөрүн салыштырып, маалымат топтоп, ойлонуп жаткан чагы.

“Эл аралык мамилелер бөлүмүнө кызыккандыгыма байланыштуу Европа же Орусияда билим алууну көздөп жатам. Билим алуу менен бирге дүйнө кыдырып, саякаттоо максаттарымдын бири”, — дейт бүтүрүүчү.

Нурайдай ЖЕКШЕНОВА, Кувейт эл аралык университетинин студенти

 

Бөлүшүү

Комментарийлер