«МЕКЕНДЕШТЕР ФОРУМУ». РОССИЯДА БЫШЫП, КЫРГЫЗСТАНГА ИНВЕСТИЦИЯ ЖУМШАГАН ИШКЕР

  • 01.12.2023
  • 0

"МЕКЕНДЕШТЕР ФОРУМУ". РОССИЯДА БЫШЫП, КЫРГЫЗСТАНГА ИНВЕСТИЦИЯ ЖУМШАГАН ИШКЕРОрусияга мындан 20 жыл мурун өз бактысын издеп келген Каныбек Акаев 2011-жылы өзүнүн биринчи компаниясын ачууга жетишти. Учурда ал чет жердеги беш, Кыргызстандагы төрт ишкананын ээси, орусиялык мекендештер диаспорасынын көрүнүктүү өкүлү, меценат. Чет жерде ийгилик сересине чыккан жердешибиз өнөктөштүк жана кызматташуу ар кандай тоскоолдуктарды жеңүүгө жардам берет деп эсептейт.

Ар бир ийгиликтин өз сыры, кыйынчылыгы, ийгилик тарыхы болот эмеспи. Каныбектин студенттик күндөрү эгемендүү өлкөбүз экономикалык жактан эң бир кыйын сыноолорду башынан өткөрүп жаткан Акаев дооруна туура келди. Айлыктын аздыгы, иштейм деген жаштар үчүн жумуштун жоктугу, коомдук турмуштун чар тараптан коррупцияга батышы миңдеген адамдарды чет жерден өз бактысын табууга түрткү болгон тушта жаш студент да Оштогу окуусун таштап, Орусияга жумуш издеп кетет.

Айтуусунда, бул чечимге келүү оңой болгон жок. «Бир максаттын өтөсүнө чык!» деп атасы караманча каршы болду. Жаштайынан турмуштун ысык-суугун көп көргөн апасы уулунун чет жерге жумуш издеп баруу ниетин колдоду.

— Орусияга келгендеги максатым өз мекенимден батирге жана ВАЗ унаасына акча табуу болчу. Келгенден кийин кампага жүк ташуучу болуп ишке кирдим. Биринчи айда 2500 рубль алдым, — деп эскерет Каныбек.

Албетте, бул акча өз турмушун жана башкалардын жашоосун өзгөртсөм деген улуу максаты бар жигитке жетиштүү эмес болчу. Бирок ал жаңы өлкөдө бул максаттарга жетүү үчүн чоң мүмкүнчүлүктөр бар экенин жүрөгү менен сезип жатты. Ошондуктан башында кандай жумуш болбосун баш тарткан жок. Күндүзү курулушта иштеп, кечинде таксист болуп, кап көтөрүп жүк ташыды.

Орусияда иштеп жүрүп өз ишиңе жоопкерчиликтүү мамиле кылсаң, сени баары баалашарын билди. Кайсыл жерде иштебесин, жетекчилик да, чогуу иштегендер да, ишеним артып жатышты. Мында өзүнүн адамдар менен бат тил табышуусу жардам берди. Бир жолу достору конокторду вокзалдан тосуп алып, керектүү дарекке алып барууну суранышты. Жок дебеди. Жылдызы келишип калдыбы, айтор көп өтпөй, Екатеринбургга аны чогуу иштешүүгө чакырышты. Ошентип «Манас Ата» ишканасынын Сибирь аймагындагы өкүлү болуп иштей баштады.

Жумушка жаңыдан орношкон компаниясы Орусиядагы уюлдук операторлордун бири менен түзүлгөн келишимдин негизинде Кыргызстан, Тажикстан жана Өзбекстанга арзан баада чалуу үчүн мобилдик тарифтерди сатуу менен алектенчү. Мекендешибиз ал жерде бир жылдан ашык иштегенден кийин жеке бизнесин ачууну чечет.

Новосибирск шаарына кайтып келгенден кийин ал ортомчу катары өз кызматын сунуштап, ири уюлдук операторлордун бардык кеңселерин кыдырды. Жолуккандардын баары аны угуп, жылмайып жакшы тосуп алганы менен пайдалуу келишим түзүп иштөө тууралуу ооз ачышпайт. Жаштайынан көздөгөнүнөн кайтпаган Каныбек өз үмүтүн үзгөн жок. «Саргара жортсоң, кызара бөртөсүң» демекчи, бир күнү Билайндан сунуш түшүп, бир жуманын ичинде 500 абонентти мобилдик тармакка кошуу шарты менен 500 сим-карта берүүгө макул болушат. Айтуусунда, бул 500 сим-карта анын жашоосун өзгөрткөн кадам болуп чыкты. Дем алыш күндөрү жубайы жана иниси экөө 450 мекендешибизди Beeline тармагына кошот.

— Мына ошентип баштадык! Бардык тобокелчиликтерге бардым – машинамды сатып, кеңсе ачтым жана кызматкерлерди жалдадым. Досторум «ушул нерсеге мынчалык жан үрөбөй эле койсоң болмок» деп күлүшкөндө, мен «үрөн жаңы эле себилди, өсүп, гүлдөп, анан мөмө берет» деп жаттым. Азыр Оруссиянын 42 шаарында филиалдарыбыз бар, компанияда 400гө жакын кызматкер иштейт жана биз бардык ири уюлдук операторлор менен кызматташабыз, — деди кайратман ишкер бизнестеги биринчи кадамы тууралуу.

Ошентип жараткан ыроологон табигый жөндөм-шыгынан дейбизби, же ата-энесинин айткан акыл-насаатынан улам дейбизби, же Кара-Суунун Савайындагы окуткан агай-эжейлеринин таалиминен дейбизби, айтор ишкерликте Каныбек бат эле бутуна турду. Алгач «Бакай-Ата», анан «Кыргыз-Травертин», кийин «Сиблеспром» ишканаларын негиздеди.

Орусияда иштери канчалык жакшы жүрбөсүн, мекенчил жигит «Көрөсүз, апа! Атам экөөңөр дайыма менин сыйымды көрүп, төрдө отурасыздар! Ошондо ушундай уулду тарбиялап-өстүргөнгө сыймыктанасыңар! Биз жашоону өзгөртүшүбүз керек!» деп апасына айтканын унутпады. Туулуп-өскөн айылын, мектебин, Ата Мекенин бир да мүнөт эсинен чыгарбады. Алгачкы капиталын топтогондо эле Кыргызстанга инвестиция салуу жөнүндө ойлоно баштады. Анткени Орусияда канча жашабасын, өз мекени Кыргызстан экенин туйуп жатты. Анан ар кандай тобокелчиликтерге карабай, Ош облусунун Өзгөн районунда травертин казыла баштаганын билгенден кийин атайын барып, 2 миллион доллар салды. Бүгүнкү күндө ал Кыргызстандагы таш иштетүүчү эң ири ишкана болуп саналат.

Травертин курулуш иштеринде колдонулат. Азыр аны Астанага, Москвага экспорттошууда.

Баса, алыс жолго аттанып жатканда Каныбектин «Муктаж болгондорго жардам берсем!» деген тилеги бар болчу. Бүгүн ошол убадасынын өтөсүнө чыкты. Эки жылдай Новосибирск шаарында мекендештердин Орусиядагы саны боюнча үчүнчү орунда турган диаспораны жетектеди. Ар кайсы шаарлардагы кыргыз диаспорасынын жетекчилери, өкүлдөрү менен Кыргызстанга көп каттап, карылар жана балдар үйлөрүнө, жатак-мектептерге, майыптар коомдоруна акчалай жардам берип турушат. Бирок, алты саны аман туруп жардам сурагандарга ар дайым «Эмгекти сүйгүлө! Эмгек эрезеге жеткирет! Эмгектен качпагыла!» деп айтат.

Жакында биздин каарман Орусиядан жана дүйнөнүн чар-тарабынан келген коноктордун арасында Мекендештердин VI форумуна катышты.

— Азыр Кыргызстанды өзүбүздүн инвесторлордун акчасы менен өнүктүрсөк болот. Өлкө жетекчилигинин элдин жашоосун жакшыртсам деген каалоосу зор. Бир гана бизде ошол ата-мекендик инвесторлорго жол ачкан мыйзамдар керек, — деген пикирин билдирди ал улуттук форумдан кийинки жолугушуулардын биринде.

Каныбек Акаевдин ойлогону жалаң эле ишкерликте пайда табуу эмес. Өз элинин чыныгы уулу катары ал өлкөбүздүн келечеги болгон жаштардын сапаттуу билим алуусуна зор маани берет.

— Кыргызстандын келечеги — балдар. Аларга заманбап билим алуу үчүн зарыл шарттарды түзүү, бул, албетте, мамлекеттин милдети. Бирок жалгыз мамлекетке артып коюп, карап отурган да туура эмес. Баарыбыз, анын ичинде бизнес коомчулук да колдон келген жардамды беришибиз абзел. Мени ишкер катары, ата-эне катары да, билим берүү тармагына агартуунун күңгөй-тескейин мыкты билген, чыныгы лидер айым Догдуркүл Кендирбаеванын жетекчи болуп келиши көп нерседен үмүттөндүрүп жатат, — дейт Орусияда ийгиликке жетишкен мекендешибиз.

А.АЛИБЕКОВ,
«Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер