ОРУСИЯ КЫРГЫЗСТАН МЕНЕН PISAГА КАТЫШУУ ТАЖРЫЙБАСЫН БӨЛҮШӨТ

  • 16.03.2021
  • 0

Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги менен Орусия Федерациясынын Агартуу министрлигинин ортосундагы кызматташтыкты кеңейтүү боюнча иш-аракеттер планынын алкагында PISA эл аралык изилдөөсүнө даярдыктын алкагында өз ара иш жүргүзүү талкууланды.

Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова Кыргызстан PISA изилдөөсүнө карата даярдык боюнча жол картасын иштеп чыккандыгын айтты.

«Биз бул изилдөөгө эч даярдыксыз эки жолу катышканбыз, бирок катышканыбызга өкүнбөйбүз. Анткени катышарың менен анын мазмунун, формасын жана методдорун, бизге кандай компетенциялар, көндүмдөр жетишсиз экендигин, кайсыларын кайра карап чыгуу керектигин  түшүнөсүң. Ушул тапта Жол картасы иштелип чыкты, кызматташтык жаатында бизге бул документтин анализи керек», – деди ал.

Орусия Федерациясынын Билим берүүнүн сапатын баалоо федералдык институтунун директору Сергей Станченко орусиялык билим берүү системасы тарабынан колдонулган сапатты баалоолор тууралуу айтып берди.

«Орусия Федерациясы дароо эле бир нече эл аралык изилдөөлөргө катышат. Чындыгында РISA алардын арасындагы жападан жалгызы эмес жана алынган билимди практикада колдонуу жөндөмү менен байланышкан билим берүүнүн мазмунунун спецификалык жагын жетиштүү чагылдырат. РISAдан тышкары көбүнчө фундаменталдык даярдыкты текшерген PILDS жана TIMSS бар.

Өз ара иш жүргүзүү үчүн негиз абдан чоң, анткени биздин практика PISA менен гана чектелбейт, биз мектептер үчүн да PISAны өткөрөбүз. Соңку убакта бул иш-чарага Россия Федерациясынын бүткүл субъекттери катышууда. Бизде 2000ге жакын мектеп бул жол-жободон өттү, бизде эбегейсиз статистика, аналитика бар. Биз катышкан мектептерден маалыматтарды чогултабыз, практиканы, иштөө системасын көрүп турабыз, мектептерди салыштырып, эмнеси майнаптуу экенин түшүнө алабыз. Жадагалса мектептердин директорлорунун ийгиликке кантип жеткендиги тууралуу баяндары камтылган видеороликтердин банкын түзө баштадык. Бул жаатта биз маалымат бөлүшө алабыз», – деди ал.

КР БИМ басма сөз кызматы

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер