ОРУС ТИЛИНДЕ КӨРКӨМ ОКУУ КОНКУРСУ АЯКТАДЫ

  • 29.05.2021
  • 0

«Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» иш-чарасынын алкагында Алыкул Осмонов атындагы Улуттук китепканада Кыргыз Республикасынын мектеп окуучулары жана жаштары арасында орус тилинде көркөм окуу конкурсу болуп өттү. Акын-жазуучулардын ырларын жана көркөм чыгармаларын окуп берүү үчүн өлкөнүн булуң-бурчунан Бишкекке 7 жаштан 17 жашка чейинки курактагы катышуучулар келишти.

ОРУС ТИЛИНДЕ КӨРКӨМ ОКУУ КОНКУРСУ АЯКТАДЫ

Катышуучулардын санынын көптүгүнө байланыштуу конкурсанттардын өнөрүн баалоо үч курактык категорияда жүзөгө ашырылды. Конкурстун бардык катышуучулары сертификаттарды алышты, ал эми байгелүү орундар төмөнкүчө бөлүштүрүлдү:

I категория (7  10 жаш)

1-орун – Аким Муйитдинов

2-орун – Каныкей Акышбекова

3-орун – Арий Вощиков

II категория (10  13 жаш)

1-орун – Анатолий Мин

2-орун – Адинай Жанышова

3-орун – Ильяс Ормонов

III категория (13  17 жаш)

1-орун – Латифа Алиева

2-орун – Саид Гусейнов

3-орун – Ислам Рахманов

ОРУС ТИЛИНДЕ КӨРКӨМ ОКУУ КОНКУРСУ АЯКТАДЫ

«Орус тили Кыргызстанда – жаңы мейкиндиктер» долбоору Орус тили жана адабияты мугалимдеринин эл аралык ассоциациясынын катышуусунда, Роскызматташтыктын Кыргыз Республикасындагы өкүлчүлүгүнүн, Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлигинин, Россия Федерациясынын Кыргыз Республикасындагы Элчилигинин жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилигинин колдоосу, Президенттик гранттар фондунун финансылык колдоосу менен Орус гуманитардык миссиясы тарабынан ишке ашырылууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер