ОРУС ТИЛИ ЖАНА АДАБИЯТЫ МУГАЛИМДЕРИ ҮЧҮН РЕСПУБЛИКАЛЫК СЫНАК

  • 09.02.2021
  • 0

2020-жылдын башында «Россиянын Гуманитардык Миссиясы» Кыргыз Республикасынын Билим берүү жана илим министрлиги, Бишкек шаарындагы Россиянын илим жана маданият борбору жана Кыргыз Республикасынын Россия Федерациясындагы Элчилиги менен биргеликте Кыргыз Республикасынын орус тили жана адабияты мугалимдеринин арасында «Орус тили – Кыргызстан – Жаңы горизонттор» сынагынын башталышы жөнүндө жарыялаган.

Өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу уюштуруучулар сынактын убактысын өзгөртүү чечимин кабыл алышкан:

  1. Арыздарды кабыл алуу боюнча конкурсту 2021-жылдын 31-мартына чейин узартуу;
  2.  Биринчи этаптын жеңүүчүлөрү үчүн Бишкекте 2021-жылдын 31-майына чейин үч күндүк  мастер-класстарды уюштуруу;
  3. 2021-жылдын 31-майына чейин мектеп окуучулары арасында окуу боюнча конкурс өткөрүү;
  4. Сынактын экинчи этабын 2021-жылдын 15-июнуна чейин өткөрүү;
  5. 2021-жылдын 15-августуна чейин катышуучуларга сыйлык тапшыруу аземин уюштуруу;
  6. Сынактын жеңүүчүсү болгон мугалимдер үчүн 2021-жылдын 31-августуна чейин экскурсиялык  саякатты уюштуруу.

Конкурска катышуу үчүн кененирээк маалыматты жана шарттарды Тиркемеден таба аласыз.

Тиркеме: Русский язык в Кыргызстане — новые горизонты. Положение конкурса (3).docx

 

 

Бөлүшүү

Комментарийлер