ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР ТАЛКУУЛАНДЫ

  • 08.06.2021
  • 0

8-июнда Кусеин Көлбаев атындагы Бишкек автомобиль-жол колледжинин базасында Билим берүү жана илим министрлигинин жетекчилиги колледждердин директорлору менен жолугушту.

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушууда пандемия шарттарындагы 2020-2021-окуу жылынын жыйынтыктары, орто кесиптик билим берүү системасындагы жетишкендиктер жана көйгөйлөр талкууланды.

Министрдин орун басары Нурлан Омуров айткандай, окуу жылы коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн режимде башталган. Негизинен онлайн режимде сабактарды өтүү үчүн Zoom meetings, Google classroom, Google meet, web WhatsApp ж.б. платформалар колдонулууда. Бүгүнкү күндө колледждердин 80 пайыздан ашууну AVN, E-BILIM, MOODLE башкаруунун автоматташтырылган системасына туташтырылган.

ОРТО КЕСИПТИК БИЛИМ БЕРҮҮ СИСТЕМАСЫНДАГЫ ЖЕТИШКЕНДИКТЕР ЖАНА КӨЙГӨЙЛӨР ТАЛКУУЛАНДЫ

Жолугушуу маалында орто кесиптик окуу жайларга:

— орто кесиптик окуу жайлар арасындагы академиялык мобилдүүлүктү орнотуу жана өнүктүрүү;

— орто кесиптик окуу жайлардын жеке сектор менен туруктуу негиздеги кызматташтыгын жолго коюу жана кырдаалга дайыма мониторинг жүргүзүп туруу;

— жумуш берүүчүлөрдү жана башка кызыкдар тараптарды орто кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгууга тартуу;

— республиканын чөлкөмдөрүндөгү экономиканын реалдуу секторунун керектөөлөрүн эске алуу менен ортоңку звенодогу адистерди даярдоо боюнча билим берүү программаларынын спектрин кеңейтүү жана аларды рыноктун учурдагы керектөөлөрүнө ыңгайлаштыруу;

— ЕАЭБдин ишмердүүлүгүнүн алкагында агроөнөр жай комплексин жана текстил өнөр жайын өнүктүрүү үчүн зарыл болгон төмөнкүдөй багыттар боюнча орто кесиптик билим берүү программаларын иштеп чыгуу:

— адистештирилген эт жана сүт мал чарбачылыгы;

— эрте бышуучу жашылчаларды өстүрүү үчүн күнөскана чарбасын өнүктүрүү;

— логистикалык инфраструктура объекттерин (жашылча сактагычтарды, кампаларды ж.б.) куруу;

— биотехнологиялык продуктуларды өндүрүү максатында дан өсүмдүктөрүн кайра иштетүү;

— бак өстүрүүнү өнүктүрүү жана жергиликтүү чийки заттан табигый ширелерди өндүрүү;

— продуктуларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү стандартташтыруу жаатында жогорку квалификациялуу адистерди даярдоо боюнча программаны иштеп чыгуу, негизги кесиптик билим берүү программасын өздөштүрүү менен катар стандартташтыруу жаатында кошумча билим берүүнү киргизүү сунушталды.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер