ОРОК ОРТО МЕКТЕБИНДЕ КОШУМЧА ОКУУ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

  • 18.02.2022
  • 0

18-февралда Чүй облусунун Сокулук районуна караштуу Орок айыл аймагынын Селекционное айылында жайгашкан Орок орто мектебинде кошумча окуу корпусунун ачылышы болду. Иш-чарага КРнын Министрлер Кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров, Билим берүү жана илим министри Алмазбек Бейшеналиев, Кыргыз Республикасынын Президентинин Чүй облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Эркин Тентишевдер катышышты.

ОРОК ОРТО МЕКТЕБИНДЕ КОШУМЧА ОКУУ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

Орок орто мектеби 2019-жылы курулуучу объекттердин тизмесине киргизилип, республикалык бюджеттин эсебинен мектепке кошумча 500 орундуу окуу корпусу курула баштаган. Объекттин сметалык наркы бардык чыгымдарды кошкондо 110 млн 470 миң сомду түзгөн.

ОРОК ОРТО МЕКТЕБИНДЕ КОШУМЧА ОКУУ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

Жаңы корпуста 22 окуу кабинети, 180 орундуу ашкана, 90 орунга ылайык жыйын залы жана спорт залы бар.

ОРОК ОРТО МЕКТЕБИНДЕ КОШУМЧА ОКУУ КОРПУСУ АЧЫЛДЫ

Белгилей кетсек, мектептин эски имараты 1987-жылы курулган. Анда 21 окуу кабинети, 90 орундуу ашканасы болгон. Ички миграциянын эсебинен 230 орунга ылайыкталган эски мектепте окугандардын саны жылдан-жылга өсүп, окутуу процессин уюштуруу кыйынчылыктар менен коштолуп келген.

Бүгүнкү күндө бул мектепте 2668 окуучу билим алууда.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер