ООГАНСТАНДА СОГУШ ОТУН КЕЧКЕН ЖООКЕРЛЕР

  • 15.02.2021
  • 0

Мындан туура 32 жыл мурун, 1989-жылдын 15-февралында  Афган согушу аяктап, Советтик аскерлер Ооганстандан  чыгып, өз мекенине кайтышкан. Мекен үчүн кызмат өтөгөн жоокерлердин эмгегин даңктоо жана аларды эскерүү максатында бүгүн Ош гуманитардык-педагогикалык институтунда Ооганстандагы согуштун ардагерлери менен жолугушуу уюштурулду. Жолугушууга институттун окутуучулары жана студенттери катышты.

ООГАНСТАНДА СОГУШ ОТУН КЕЧКЕН ЖООКЕРЛЕР

Жолугушуунун жүрүшү абдан кызуу уланды. Анткени жаштарды кызыктырган суроолорго каармандарыбыз өзгөчө дем менен, өзгөчө сүр менен жооп беришип, эркин форматта маек курушту. Ооган согушунун отун кечкен ардагер агайларыбыз  согуш талаасы тууралуу кенен ой бөлүштү.

Ардагер коноктор оор тагдырга туш кылган бул күндөрдү эскерүү оңой эмес экенин жана андагыдай согуш талаасын көрүү мындан кийин башкаларга буюрбасын каалайт. Ошол менен бирге согуш бүткөндөгү толкундоо сезими өзгөчө күч, сөз менен жеткире алгыс баалуу сезим экенин айтышат.

Афган согушу далай адамдардын жүрөгүнө өчпөс дак калтырды. Аны эскерип гана тим болбостон, ардагерлерге социалдык жардам жана материалдык колдоо көрсөтүп, алардын мекен үчүн жасаган эмгектерин даңазалап жүрүү биздин милдет экени талашсыз. Андыктан бүгүңкү майрамдын урматына ардагер агайларга окуу жай жетекчилиги тарабынан  ар бирине 5000 сомдон сый акча берилди.

Бөлүшүү

Комментарийлер