ООГАН СОГУШУНУН АРДАГЕРЛЕРИНЕ УРМАТ-СЫЙ КӨРСӨТҮЛДҮ

  • 18.02.2019
  • 0

К.Ш. Токтомаматов атындагы Эл аралык университеттин жамааты жана студенттери 15-февралда советтик аскерлердин Ооганстандан чыгып кеткендигинин 30 жылдык маарекесине арналган салтанатка катышып, Ооган согушунун ардагерлеринин эстелигине гүлчамбар коюшту.

Аталган жалпы шаардык иш-чара Жалал-Абад шаарынын Жеңиш паркында өткөрүлдү. Иш-чараны Жалал-Абад шаарынын мэриясы менен Жалал-Абад шаарынын Согуш жана эмгек ардагерлеринин кеңеши уюштурган. ЭАУнун ректораты, профессор-окутуучулар курамы жана студенттери жыл сайын Ооган согушунун ардагерлерине арналган ушундай иш-чараларга активдүү катышып келет.

Ооган согушунун ардагерлери ушул күнгө чейин Мекенге күжүрмөн кызмат кылуунун, эр жүрөктүүлүктүн жана каармандыктын жаркын үлгүсү болуп келишүүдө. Совет доорунда Кыргызстандан Ооган согушуна 7141 аскер катышып, алардан 300 адам салгылашууларда курман болуп, төртөө дайынсыз жоголуп, 1500 жарадар болушкан…  Бул тууралуу окуу жайдын  кесиптик багыт берүү жана коомчулук менен байланыштар кызматы кабарлады.

 

Бөлүшүү

Комментарийлер