ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ТЕРС ТААСИРИ ИЛИКТЕНЕТ

  • 21.02.2023
  • 0

Өлкөнүн 525 мектебинде 5-6-класстардын 22 миңге чукул окуучусу ЮНИСЕФтин «Чексиз билим» долбоорунун алкагында математика, окуу жана түшүнүү боюнча төрт тилде тестирлөөдөн өттү.

ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ТЕРС ТААСИРИ ИЛИКТЕНЕТ

Билим берүүнүн сапатын баалоо жана маалыматтык технологиялардын улуттук борбору ишке ашырган бул саамалык Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министрлигинин маанилүү демилгелеринен болуп саналат.

ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ТЕРС ТААСИРИ ИЛИКТЕНЕТ

Кыска мөөнөттүү долбоор «Чексиз билим» долбоорунун алкагында аракетте болуп,  COVID-19 учурунда онлайн окутууну киргизүүнүн айынан  5-6-класстардын окуучуларынын билиминдеги кемчиликтерди аныктоого жана билимдерди баалоо системаларын иштеп чыгууга багытталган  жана ал ушул жылдын март айында аяктайт.

ОНЛАЙН ОКУТУУНУН ТЕРС ТААСИРИ ИЛИКТЕНЕТ

Өзүңүздөргө белгилүү болгондой, COVID-19 пандемиясынан улам өлкөнүн мектептеринин баары окутуунун онлайн түрүнө өткөн. Коомчулукта онлайн окутуунун тушунда  көпчүлүк аймактарда балдардын билим сапаты көз көрүнө төмөндөп кеткени айтылып келет. Кыска мөөнөттүү бул долбоор ошол онлайн окутуунун мезгилинде балдар калтырып кетүүгө мажбур болгон программаларды улантып өздөштүрүүсүнө  жардам бермекчи. Долбоордун аракети менен өлкөдөгү 525 мектеп COVID-19 учурундагы онлайн окутуудан жабыркаган мектептердин тизмесине кирди. Ал эми Улуттук тестирлөө борбору кыргыз, орус, өзбек жана тажик тилинде 5-6-класстагы окуучулардын билимин баалоо инструментин математика жана эне тилде окуу жана түшүнүү предметтери боюнча түзүп чыкты. Долбоор координатору Зейнеп Жамакееванын айтуусунда тиешелүү  материалдар Чүй облусунун мектептеринде эки тилде апробациядан өттү. Билим берүү кызматкерлерин; райондук билим берүү бөлүмдөрүнүн адистерин, окуу бөлүмүнүн башчыларын, мектеп мугалимдерин негизги изилдөөгө даярдоо үчүн 18-январдан 21-январга чейин үч мөөнөттө 1,5 сааттан онлайн семинар уюштурулду. Учурда негизги изилдөө иштери жүрүп жатат.
Толук маалыматты улуттук борбордун www.ncokoit.kg caйтынын ЮНИСЕФ бөлүмүнөн алсаңыздар болот.

А.АЛИБЕКОВ, «Кут Билим»

Бөлүшүү

Комментарийлер