ОНЛАЙН САБАККА САЯКАТ

  • 07.05.2020
  • 0

Ош гуманитардык-педагогикалык институтунун биология, химия жана жаратылышты пайдалануу кафедрасы сегиз жогорку окуу жайдын 100дөн ашуун окутуучу жана студенттери менен онлайн сабакка саякат жасашты.  

ОНЛАЙН САБАККА САЯКАТ

Саякатта алгач кафедранын улук окутуучусу Гульмира Долонова «Окутуудагы билимдик жана компетенттүүлүк мамилелер» деген темада конок лекция өттү. Анда билимдик жана компетенттүүлүк мамилелердин айырмачылыктары, көрсөткүчтөргө ылайык сабактын милдеттеринин аткарылышы, баалоонун деңгээлдеринин өз ара байланыштары жөнүндө түшүнүктөр берилди. Окутууда негизги компетенттүүлүктөрдүн калыптанышында   окуучулардын «Система-4К» көндүмдөрүнө ээ болуу зарылдыгы, күтүлүүчү натыйжалардын критерийлерге дал келиши жана  туура ойлонууну уюштуруудагы көйгөйлөргө токтолду.

ОНЛАЙН САБАККА САЯКАТ

Андан кийин  кафедранын улук окутуучусу Гүлзада Сагынбаева «Вирустарга каршы дем алуу көнүгүүлөрү» деген темада кыска мөөнөттүү машыгуу өтүп, катышуучуларга коронавирус дарты жөнүндө маалымат берип, анын алдын алуу үчүн дем алуу көнүгүүлөрүнүн ыкмаларын көрсөтүп берди.  Соңку бөлүгүндө болсо улук окутуучу Кайратгүл Кошуева  жалпы студенттердин ортосунда кайтарым байланыш түзүү менен «Өсүмдүктөрдү изилдөө усулдары» деген темада практикалык-лабораториялык сабак өтүп, студенттер менен бирге кызыктуу лабораториялык ишти аткарышты.

Бөлүшүү

Комментарийлер