ОНЛАЙН КАБЫЛ АЛУУ КОРРУПЦИЯЛЫК КӨРҮНҮШТӨРДҮ ЖОЙДУ

  • 23.09.2020
  • 0

Кыргызстандын башталгыч, орто жана жогорку окуу жайларына абитуриенттерди кабыл алуу быйылкы жылы онлайн форматта жүрүп, 2020-2021-окуу жылына жалпы 98 136 абитуриент кабыл алынды.

Онлайн кабыл алуу боюнча V турдун жыйынтыгында жогорку окуу жайларга 42 миңден ашуун, колледждерге II тур менен жалпы 41 миңдей жана кесиптик башталгыч окуу жайларына 15 миңдин тегерегинде абитуриенттер билим кабыл алынды.

Билим берүү жана илим министрлиги биринчи жолу абитуриенттерди кабыл алууна онлайн форматын уюштуруп, тиешелүү багыттар боюнча атайын порталдарды иштеп чыкты.

Онлайн кабыл алуунун артыкчылыгы:

 

  • пандемия учурунда болочок студенттерддин коопсуздугун камсыздап, вирустун жайылышына жол бербөө;
  • абитуриенттердин ЖОЖдорго массалык топтолуусун алдын алуу;
  • абитуриенттер өлкөнүн каалаганын бурчунда туруп санариптик жол менен ЖОЖго тапшыруу;
  • бардык абитуриенттер үчүн бирдей шарт түзүү:
  • окуу жайларга кабыл алуу комиссияларынын ишин оптимизациялоо;
  • конкурстун жүрүшүнө жана жыйынтыктарына тийгизүүчү коррупциядык көрүнүштөрдү жоюу;

 

Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы

Бөлүшүү

Комментарийлер