ОНЛАЙН-ИЗИЛДӨӨГӨ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРДЫН 20% ДИСТАНТТЫК ОКУУГА КӨНДҮМҮ ЖОК

  • 26.05.2020
  • 0
ОНЛАЙН-ИЗИЛДӨӨГӨ КАТЫШКАН ОКУУЧУЛАРДЫН 20% ДИСТАНТТЫК ОКУУГА КӨНДҮМҮ ЖОК

Тагаева Г.С, КББАнын ОЖБТжП лаборатория башчысы, педагогика илимдеринин кандидаты

Өзгөчө кырдаал жана карантин учурунда мектепте класстар бош калып, окуучулар аралыктан окууга өтүштү. Биз мындай шартка даярбызбы? КББАнын ОЖБТжП лабораториясы тарабынан КРда дистанттык окутуу көйгөйлөрү боюнча чакан онлайн-изилдөө өткөрүлдү.

Жалпысынан, биздин анкетага (4 анкета: мугалимдер үчүн кыргыз жана орус тилдеринде жана окуучулар үчүн кыргыз жана орус тилдеринде) бардыгы 1267 респондент катышкан, анын ичинен 987 окуучу: орус тилдүү мектептеринен 211 окуучу жана кыргыз тилдүү мектептерден 746 окуучу, ошондой эле бардыгы болуп 280 мугалим: 192 мугалим анкетаны орус тилинде жана 88 мугалим –  кыргыз тилинде толтурушкан.

Албетте, респонденттерди тандоодо репрезентативдүүлүктү биз толугу менен камсыз кыла алдык дегенден алыспыз, себеби катышуу фактору ар түрдүү болуп калды: Интернетке кирүү мүмкүнчүлүгү, маалымдоо платформасы ж.б. Анкеталар КАОнун Фейсбук баракчасына, WhatsApp-группаларына ж.б. жайгаштырылган.

Алынган натыйжалардан төмөнкү жыйынтыктарды чыгарсак болот: биздин мугалимдер жана окуучулар азырынча керектүү денгээлде мындай изилдөөлөрдүн маанисин түшүнүшпөйт жана аларды олуттуу кабыл алышпайт. Анкеталар анонимдүү болгонуна карабастан, алар туура эмес жооп берип алабыз деп тартынышат, мүмкүн, мындай социалдык сурамжылоолорго катышкысы келбейт.

Мындай болгон күндө да, изилдөөбүзгө катышып, анкетабызга жооп берген мугалимдер жана окуучуларга дагы бир ирет ыраазычылык билдирип кетебиз. Изилдөөнүн сандык көрсөткүчтөрүн төмөндө орус тилинде берилген талдоодо  байкасаңыздар болот.

Бөлүшүү

Комментарийлер