Онкологиялык ооруларды изилдөө борбору ОшМУда ачылат
- 06.10.2025
- 0
Ош мамлекеттик университетинде (ОшМУ) онкологиялык ооруларды изилдөө боюнча илимий борбор ачылат. Бул тууралуу АКШнын Огайо штатындагы Кент университетинин профессору Фентони Марчелло, окуу жайдын Борбор Азия боюнча стратегиялык өнүгүү директору Айя Худайбергенова жана ОшМУнун ректору Кудайберди Кожобеков баштаган структура жетекчилеринин жолугушуусунда айтылды.

Фентони Марчеллонун маалыматы боюнча, Кент университетинде 33 миңден ашуун студент окуйт. Сегиз кампустун тутумуна ээ. Окуу жай компьютердик технологиялар, медицина, искусство жана гуманитардык илимдерге чейин билим берет. Ал эми Кудайберди Кожобеков ОшМУдагы эл аралык байланыштар, жетишкендиктер, кызматташтыктар боюнча сөз кылды.
Тараптар билим берүү, медицина, илим изилдөө, студенттердин жана профессорлордун алмашуу программалары, окутуунун инновациялык ыкмаларын колдонуу жаатында биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгуу тууралуу пикир алмашты. Илимий кызматташтыктын ичинен рактын биологиясы жана молекулярдык генетика өзгөчө орунга ээ экендиги айтылып, бул жаатта биргелешкен изилдөөлөрдү жүргүзүү, илимий потенциалды жогорулатуу боюнча макулдашты. Жолугушуунун негизги демилгечиси Американын PhD программасынын докторанты, ОшМУнун ректорунун коммерциялаштыруу жана финансылык анализ боюнча кеңешчиси Пусур тегин Замир болду. Анын аракети менен эки университеттин ортосунда илимий кызматташтыктын жаңы этабы башталды.
Кудайберди Кожобеков Кент университети менен кызматташуу ОшМУ үчүн чоң мүмкүнчүлүк экенин баса белгиледи. Ал студенттерге жана окутуучуларга заманбап билим алуу шарттарын түзүүгө жана медицина жаатындагы компетенцияны жогорулатууга чоң салым кошорун билдирди. Профессор Фентони Марчелло да илим жана билим берүү чөйрөсүндө кызматташуу келечекте эки тарапка тең пайдалуу болорун, бул жолугушуу баштапкы этап экенине токтолду.
Коноктор учурда окуу жайдын билим берүү, илим изилдөө, медицина, санарип университет жаатындагы жетишкендиктери боюнча жеринен таанышууда.





Комментарийлер