ОН МУГАЛИМГЕ СЕРТИФИКАТ

  • 24.08.2023
  • 0

23-августта Ош облусундагы он мугалимге турак-жай куруу үчүн жер тилке алууга сертификат тапшырылды. Бул тууралуу облустук администрациядан билдиришти.

ОН МУГАЛИМГЕ СЕРТИФИКАТ

Маалыматка ылайык, жер тилкелери Өзгөн районунан беш, Кара-Суу районунан төрт жана Араван районун бир мугалимге берилди.

Мындан сырткары беш кызматкер президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Элчибек Жантаев тарабынан алгачкы жолу Ош облусунун эң жогорку сыйлыгы болгон «Ош облусунун Ардактуу атуулу» наамы жана «Даанышман» медалы менен сыйланды. Аны менен катар эле алдыңкы мугалимдерге жана билим берүү мекемелерине ардак грамоталар тапшырылды.

Мугалимдерге дем берүү максатында жер тилкелери эки жылдан бери берилүүдө.  Ушундай эле сертификат былтыр 15 мугалимге тапшырылган.

Айгерим ТОКТОБАЕВА, “КУТ БИЛИМ”

 

Бөлүшүү

Комментарийлер