ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

  • 13.02.2023
  • 0

Кочкор районундагы К. Акназаров атындагы орто мектебинде  Америкалык математикалык олимпиаданын  жеңүүчүлөрү сыйланды. Бул тууралуу К. Акназаров атынагы орто мектебинин директору Дайырбек Айдарбеков билдирди.

ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ СЫЙЛАНДЫ

Олимпиаданын жеңүүчүлөрүнө  эл  аралык уюмдардын алтын, күмүш, коло медалдары, сертификаттары, ардак грамоталары тапшырылды. Ийгилик жараткан окуучулардын ата-энелерине мектептин администрациясынын Ыраазычылык каттары, окуучуларды  даярдаган мугалимдер жана окуучулар  Чолпон айыл өкмөтүнүн  Ардак грамоталары менен сыйланышты.

—          Белгилүү болгондой  2022-2023-окуу жылына карата SM  Carbondale,  SASMO,   SIMOC,  STEAM,    BILIMTEC  эл аралык билим берүү уюмдары  Билим берүү  жана илим министрлиги менен биргеликте Америкалык математикалык олимпиаданы (АМО)  2022-жылдын октябрь айында өткөргөн.   Ага 31 өлкөдөн 25  миң 363 окуучу  катышкан. Кыргызстан боюнча 1632  окуучу катышып,  82  алтын, 123  күмүш, 156 коло   медалга ээ болушкан. Нарын облусу боюнча Ат-Башы районундагы  Карыбек уулу Акматаалы атындагы орто мектебинен бир окуучу гана алтын медалга ээ болсо, Кочкор районундагы Корчубек Акназаров мектеби  алтын медаль боюнча рейтингте 1-орунга чыккан. Бул мектептин окуучулары  он алтын, эки күмүш, төрт коло медаль менен сыйланышкан. Ошондой эле  үч  окуучу жогорку сертификат, алты окуучу катышкандыгы үчүн  баалуу сертификатка  ээ болушкан, — дейт жетекчи.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер