ОЛИМПИАДАНЫН ЖЕҢҮҮЧҮЛӨРҮ МЕКЕНГЕ КАЙТЫШТЫ
- 14.07.2026
- 0
56-Эл аралык физика олимпиадасында (IPhO 2026) Кыргызстандын тарыхындагы эң мыкты жыйынтыкты көрсөткөн улуттук курама команданы мекенинде салтанаттуу тосуп алышты.
Жеңүүчүлөрдү Мектептик билим берүү башкармалыгынын өкүлү Жазгүл Азимова куттуктап, алардын ийгилиги өлкөдөгү билим берүү тармагындагы маанилүү жетишкендик экенин белгиледи. Тосуп алуу аземине ата-энелер, окутуучу-устаттар жана жакындары катышып, олимпиада жеңүүчүлөрүн шаңдуу маанайда күтүп алышты.
Эске салсак, 2026-жылдын 4–12-июль күндөрү Колумбиянын Букараманга шаарында өткөн 56-Эл аралык физика олимпиадасында Кыргызстандын улуттук курама командасы 1 күмүш, 3 коло медаль жана 1 ардак грамотага ээ болушту. Муну менен Кыргызстандын тарыхындагы эң жогорку көрсөткүч катталып, алгач ирет бир олимпиадада төрт медалды багындырышты.
Күмүш медалды Темирхан Салиев жеңип алса, коло медалдардын ээлери Аскар Абдиев, Айтегин Эмилбеков жана Ахмед Абылаев болушту. Ал эми Нурбол Мырзабеков ардак грамота менен сыйланды.
Бул ийгилик кыргызстандык окуучулардын олимпиадалык даярдыгынын жаңы деңгээлге чыкканын жана өлкөдө физика багыты боюнча таланттуу жаштарды даярдоо иши системалуу түрдө өнүгүп жатканын дагы бир жолу тастыктады.




Комментарийлер