ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО АЛУУГА ҮЧ БАЛБАН ТАЛАПКЕР

  • 19.04.2024
  • 0

ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО АЛУУГА ҮЧ БАЛБАН ТАЛАПКЕР19-апрелде  Бишкек шаарында  Азиянын Олимпиадалык квалификациялык турнири курч мүнөздө, кырчылдашкан атаандаштыкта өтүүдө. Бүгүн эркин күрөш боюнча 6 салмакта күч сынашуулар болуп, Кыргызстандын намысын коргогон үч балбан жарым финалга чыкты. Балбандардын багын сынап, Париж олимпиадасына кимдер жолдомо алып калышаары кечиндеги таймашууларда аныкталат.

Бүгүнкү беттешүүлөргө катышып, жарым финалга кимдер чыкканын ирети менен баяндайлы.

57 кг салмакта Бекзат Алмаз уулу палестиналык Али Абурумаилди 9:2 эсебинде жеңип, чейрек финалга чыкты. Бекзат чейрек финалда кытайлык Ванхао Хуну да 3:2 эсебинде утуп, жарым финалда күрөшүүгө укук алды.

ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО АЛУУГА ҮЧ БАЛБАН ТАЛАПКЕРЖарым финалда Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн монголиялык Мункх Эрдене Батхуяг менен күч сынашат.

65 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон белгилүү балбаныбыз, дүйнө чемпионатынын күмүш жана коло байге ээси  Эрназар Акматалиев 8/1 финалда ирактык Карим Моханмерди 10:0 эсебинде артыкчылык менен мөөнөтүнөн мурда утуп, чейрек финалга чыкты.

Эрназардын чейрек финалда атаандашы монголиялык Цогбадрах Цевинцурен болду. Биринчи бөлүктө монгол балбан артыкчылык кылып, 4 упай алууга жетишти. Экинчи бөлүктө Эрназар чеберчилигин, мыкты даярдыгын көрсөтүү менен кыргызстандык күйөрмандарды сүйүнтүп, 12:6 эсебинде жеңип, жарым финалга чыкты.

ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО АЛУУГА ҮЧ БАЛБАН ТАЛАПКЕР

Ernazar AKMATALIEV (KGZ)

Эми Эрназар Акматалиев кечинде Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн Түндүк Кореянын балбаны Кванг Жин Ким менен беттешет.

Ал эми 74 кг салмакта Кыргызстандын намысын коргогон Орозбек Токтомамбетов 8/1 финалда Бахрейндин атынан күрөшүп жаткан дагестандык Магоммед Асулевди 7:1 эсебинде жеңип алды. Орозбек чейрек финалда индиялык Жандин менен күрөшүп, мелдеш 2:2 эсебинде аяктап, ыкманын жана упай артыкчылыгы менен Орозбек Токтомамбетов жарым финалда күрөшмөк болду.

ОЛИМПИАДАГА ЖОЛДОМО АЛУУГА ҮЧ БАЛБАН ТАЛАПКЕРОшентип Орозбек Париж олимпиадасына жолдомо алуу үчүн өзбекстандык Бекзод Абдурохмонов менен кечинде мөрөй талашат.

Бүгүнкү таймашууларда кыргызстандык үч балбан: Бекзат Алмаз уулу, Эрназар Акматалиев жана Орозбек Токтомамбетов олимпиадалык жолдомо үчүн күрөшүүгө укук алышты.

Ал эми 86 кг салмакта Нуртилек Карыпбаев, 97 кг салмакта Андрей Аронов жана 125 кг Айаал Лазарев чейрек финалда жеңилүү ызасын тартып калды.

Кимдердин жылдызы жанып, Париж олимпиадасына жолу ачылаары 19-апрелдеги кечиндеги таймашууларда аныкталат.

20-апрелде кыз-келиндер, 21-апрелде грек-рим күрөшү боюнча Париж олимпиадасына жолдомо ойнотулуучу мелдештер болмокчу.

Кабыл Макешов, спорттук баяндамачы, «Кут Билим»

 

Бөлүшүү

Комментарийлер