ОЛИМПИАДА: ОШМПУ АЛДЫДА

  • 31.05.2023
  • 0

Аймактык университеттер аралык Х студенттик олимпиада ОшМУнун  23  студенти байгелүү орунга ээ болду.

ОЛИМПИАДА: ОШМПУ АЛДЫДА

 

Ош мамлекеттик университети тарабынан уюштурулган олимпиадага ЖаМУ, Ош ТУ, КӨЭАУ, БатМУ,  Ош МПУ,  К.Ш.Токтомаматов атындагы Эл аралык университети жана Инновациялык технологиялар жана энергетика институтунан келген жети окуу жайдын студенттери катышты.

ОшМПУдан 75 студент катышып, алардын 23 байгелүү орунга ээ болушту.   Катышуучулар  адистик  жана предметтик, атайын,  жалпы жана улантылуучу  деңгээлдеги 25  секцияга бөлүнүп, жооптуу комиссиянын көзөмөлүндө  тест, суроо-жооп, эссе жазуу боюнча ар кандай тапшырмаларды аткарышты.

Жыйынтыгында, ОшМПУнун алты студенти 3-орунду, сегиз студенти  2-орунду,  ал эми 1-орунга сегиз студенти камсыздады. Аталган байгелүү орундар педагогика, психология, тарых, химия, биология, экология, география, математика, информатика, кыргыз тили жана адабияты, орус тили жана адабияты, англис тили  предметтеринен камсыздалды.

Ал эми жалпы жыйынтык боюнча ОшМПУ университеттер аралык рейтингде  2-орунду, педагогикалык багытта 1 — орунду  камсыздады.

Бөлүшүү

Комментарийлер