ОКУЙБУЗ ЖАНА ОКУТАБЫЗ

  • 08.02.2023
  • 0

Чүй районунун жана Токмок шаарынын жаш адистери мектептин окуу-тарбия иштерин методикалык колдонмолорду иш жүзүндө айкалыштырып жүргүзүүнү үйрөнүүдө.

ОКУЙБУЗ ЖАНА ОКУТАБЫЗ

Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнүн демилгеси жана Педагогикалык кызматкерлердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо республикалык институтунун колдоосу менен 7-февралдан баштап Чүй районунун Чүй айылындагы С.Ибраимов атындагы №2 мектепте «Мектептин окуу-тарбия иштеринде методикалык иштерди уюштуруу» деген темада квалификацияны жогорулатуунун көчмө курсу өтүүдө. Аталган курс Токмок шаарынын жана Чүй районунун мектептеринин мектептен тышкаркы иштерди уюштуруучу адистерине арналды.

Жаш адистер мектептерде тарбия иштерин жогорку деңгээлде жүргүзүү үчүн зарыл болгон теориялык билимди жана практикалык көндүмдөрдү үйрөнүп, билим куржунун толтурушмакчы.

А.Кашыбаева,

“Кут Билим”

Бөлүшүү

Комментарийлер