ОКУЯ МИНИСТРДИН ЖЕКЕ КӨЗӨМӨЛҮНДӨ
- 21.04.2026
- 0
Кыргыз Республикасынын Агартуу министрлиги Токмок шаарындагы №6 жалпы билим берүү мектебинде жашы жете элек кызга байланыштуу болгон окуя боюнча расмий маалымат таратты.
Маалыматка ылайык, министрлик тарабынан Чүй-Токмок билим берүү бөлүмүнө окуяны өз убагында жана кылдат териштирип, тиешелүү чараларды көрүү тапшырмасы берилген.
Учурда Токмок шаарынын мэриясы тарабынан атайын комиссия түзүлүп, окуянын бардык жагдайларын тактоо боюнча иш алып барылууда. Ошондой эле бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Ички иштер министрлиги тарабынан да иликтөө жүргүзүлүүдө.
Агартуу министрлиги териштирүүнүн жыйынтыгы чыккан соң коомчулукка кошумча маалымат берилерин билдирди.
Министрликтин маалыматына ылайык, аталган маселе агартуу министринин жеке көзөмөлүндө турат.
Комментарийлер