«ОКУЙ АЛБАГАН ОКУУЧУ БОЛБОЙТ, ҮЙРӨТӨ АЛБАГАН МУГАЛИМ БОЛОТ»

  • 17.08.2023
  • 0

Ош шаарындагы мугалимдердин август окуусунда «Математика предметин деңгээлдерге бөлүп окутуунун актуалдуулугу» деген темада Н.Каныбекова доклад окуп, кесиптештеринин да кеп-кенешин угуп, тажрыйба алмашты.

"ОКУЙ АЛБАГАН ОКУУЧУ БОЛБОЙТ, ҮЙРӨТӨ АЛБАГАН МУГАЛИМ БОЛОТ"

— Ар бир бала индивидуалдуу жана уникалдуу. Болгону баланын учурдагы математикалык билим деңгээлин аныктап алып, ошого жараша тапшырмаларды берип, андан ары өнүгүүсү үчүн көмөктөшүү деген мазмунда болду. Мен сабагымда классты ар дайым А,Б, Сжана С+ деген деңгээлдерге бөлүп окутам. Процесске катышпай калган окуучу болбойт. Алыбекке алына жараша маселе берем. Анын алы ушул эле деп отура бербей, кийинки тепкичтеги деңгээлге өтүүсүнө көмөктөшөм. Окуучудан да аракет болсо бирге жылабыз.  Мугалимдер тарабынан жылуу пикирлер менен коштолду. Кимдир бирөөгө, өзгөчө жаш мугалимдерге пайдасы тийген болсо кубанычтамын.

«Окуй албаган окуучу болбойт, үйрөтө албаган мугалим болот». Муну белгилүү советтик новатор-педагог В.Ф.Шаталов айткан экен, — дейт мугалим Н.Каныбекова.

Г.А., «КБ»

Бөлүшүү

Комментарийлер